Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРГЕ ШАЙЛОО СОҢУНА ЧЫКТЫ


10-октябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Саат 20.00 шайлоо участкалары жабылып, берилген добуштар санала баштады. Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары 11-октябрда маалымдалат деп кабарланууда.

Бүгүнкү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 10 миң 954 талапкер 6731 депутаттык мандатка ат салышты. Анын ичинен 4 миң 63 талапкерди саясий партиялар көрсөттү. Партиялар ичинен бийликке жакын “Алга, Кыргызстан” 1882, “Адилет” 1556, “Жаңы күч” 224, “Элет” 162, “Менин өлкөм” 113 талапкерди, ал эми оппозициялык партиялардан Кыргызстан коммунистери 49, “Арнамыс” 22, “Атамекен” 12 талапкерди жылдырды. Шайлоо кампаниясына бул сегиз партиядан сырткары дагы 10 партия өз талапкерлерин көрсөткөн. Бирок алардын талапкерлеринин саны 10 жеткен эмес.

Жалпы өлкө боюнча бир депутаттык орунга 1.6 талапкер туура келсе, Бишкек шаардык кеңештеги 44 депутаттык мандатка 300дөн көп талапкер ат салышып, бир орунга алтыдан ашык талапкер туура келүүдө.

Бүгүн мамлекет жетекчилери да шайлоого катышып, жергиликтүү кеңештерге өз депутаттарын тандашты. Маселен, мамлекет башчысы Аскар Акаев Бишкектеги №24 шайлоо участкасында атуулдук милдетин аткарды. Бүгүнкү шайлоонун өзгөчөлүгү тууралуу мамлекет башчысы буларды белгиледи:

- Бул шайлоо үч себеп менен өзгөчөлөнүп турат. Биринчиден, бул жылы жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун он жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул багыттагы реформаларыбыз ийгиликтүү болгонун эл аралык эксперттер да белгилеп келатат. Экинчиден, Конституциянын жаңы редакциясында жеригиликтүү бийликтин укуктары күчөтүлдү. Үчүнчүдөн, бул шайлоо жаңы Шайлоо кодекси менен өтүп жатат, ал эми анда шайлоонун адилет жана калыс өтүшүнө шарт түзүлгөн.

Бүгүнкү шайлоого миңдеген байкоочулар, анын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясында катталган 42 эларалык байкоочу көз салды. Көз карандысыз байкоочуларды даярдоодо өзгөчө активдүүлүктү көрсөткөн “Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдары коалициясынын президенти Эдил Байсалов шайлоо тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Биздин байкоочулар көп мыйзам бузууларга жол берген жок. Бирок бир канча участоктордо мыйзам бузуулар болду. Алар боюнча актыларды түзүп, тийиштүү органдарга кайрылдык. Эртең сот органдарына кайрылып, ошол мыйзам бузулган бир нече шайлоо участкаларындагы добуш берүүнү жокко чыгарганга даярданып жатабыз.

Мыйзам бузуулар болгону тууралуу саясий партиялардын өкүлдөрү да кабарлашууда. Маселен, “Арнамыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Абдысапар Баялинов:

-Мыйзам бузуулар абдан көп болду. Өзгөчө кечки саат бештен кийин ар бир участокторго автоунаалар менен шайлоочуларды ташып, кошумча тизме түзө коймойлор орун алды. Квартальныйлар өзгөчө ушундай аракеттерди жасашты. Байкоочулардын сындарына көңүл буруулар болгон жок.

Мыйзам бузуу фактылары тууралуу “Алга, Кыргызстан” партиясынан да кабарлашты. Партиянын атын атагысы келбеген өкүлү мындай деди:

- Мыйзам бузуулар болуп жатты. Маселен, автоунаа менен шайлоочуларды ташуу орун алды. Добуш берүү күнү талапкерлер атынан баракчалар таратылды. Арак куюлду. Бардык жерлерде эле ушундай болуп жатты. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү болсо сындарга көңүл бурбады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, мындай фактылар жалпылаштырылып, тийиштүү чаралар көрүлөт.

Жекшембидеги шайлоонун алгачкы жыйынтыктары 11-октябрда жарыяланмакчы. Ал тууралуу кошумча маалымдайбыз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG