Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

CАЯСИЙ ПАРТИЯЛАР ШАЙЛОО БОЮНЧА АЛДЫН АЛА МААЛЫМАТТАРДЫ ТАРАТУУДА


Бүгүн Сулайман Иманбаев баш болгон Борборшайлоокомдун мүчөлөрү жекшемби күнү өткөрүлгөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу маалымат жыйынын өткөрүп, анда добуш берүүгө калктын 61% ашууну катышканын жана шайлоонун болгонун жарыялады. Ал эми саясий партиялар депутаттык мандатка ээ болгон өз өкүлдөрү тууралуу маалымат бере баштады.

Сулайман Иманбаевдин маалымат жыйынында билдирүүсүнө караганда, жекшембидеги шайлоого өлкө боюнча тизмеге киргизилген 2 миллион 315 миңден ашуун талапкердин 61% ашууну добуш берүүгө катышты жана бул жетишеерлик жогору көрсөткүч. Ал эми Бишкекте 35.4% шайлоочу добуш берди. Шайлоонун жүрүшүндө түшкөн арыз тууралуу Сулайман Иманбаев:

- Шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө Борборшайлоокомго 34, анын ичинде добуш берүү күнү 6 арыз түштү. Борбордон №1 Университет шайлоо оругу боюнча арыз көп болду. Алар тийиштүү деңгээлде каралып жатат.

Анын айтымында, шайлоонун жыйынтыгы он күндүн ичинде чыгарылып, маалымат каражаттарында жарыяланат. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо шайлоочулар тизмесинде кемчиликтер арбын экенин көрсөттү жана Жогорку Кеңешке шайлоого чейин аларды жоюуга аракет жасайбыз, деп белгиледи Сулайман Иманбаев.

Маалым болгондой жекшембидеги шайлоодо атаандашуу борбор шаарда өзгөчө күчтүү болду. Бишкектеги 44 депутаттык мандат үчүн орто эсеп менен 6 талапкер ат салышты. Бирок кээ бир участокто кандитаттардын саны 39га жетти. Саясий партиялар ичинен Бишкек шаардык кеңешке “Алга, Кыргызстан”, “Адилет”, “Менин өлкөм” жана оппозициялык маанайдагы “Арнамыс” партиялары көп талапкерлерди чыгарды. Бул партиялар алгачкы эсептөөлөр боюнча өздөрүнүн канча талапкери депутат болгонун жарыялай башташты. Маселен, “Алга, кыргызстан” партиясынын өкүлү:

- Штабтар берген маалыматтар боюнча 15 талапкерибиз өттү деп жатабыз. Ал эми округдук комиссиялардан тастыктоону ала элекпиз.

Ал эми “Менин өлкөм” партиясынын координатору Галина Куликова буларды билдирди:

- Бизден беш талапкер Бишкек шаардык кеңешке өттү. Андан сырткары өзүн-өзү көрсөткөн, бирок бизге жан тарткан 4-5 талапкер да жеңишке жетишкени маалым болуп турат. Ошондуктан шаардык кеңеште биздин фракция 9-10 депутаттан турат деген ойдобуз.

“Адилет” партиясынын штабынан болсо, көрсөтүлгөн 41 талапкердин алтоосу шаардык кеңешке депутат болгонун жана дагы экөөсүнүн мүмкүнчүлүгү бар экенин кабарлашууда.

21 талапкерди майданга салган оппозициялык маанайдагы “Арнамыс” партиясынын бир да талапкери жеңишке жетишпегендиги айтылууда. Анын себебин партиянын лидерлеринин бири Эмил Алиев мындайча түшүндүрдү:

- Шайлоого биздин кишилер келип шайлап беришти. Аларга рахматты айтабыз. Бирок өпчүлүк эл шайлоого келбей койду. Бишкек боюнча 25% жетпеген шайлоочу келди. Ал эми расмий 34-37% га болсо жасалма жол менен жеткирилди, добуштарды кошуп коюшту. Ал кошумча добуштар бизге каршы пайдаланылды. Муну биз билип турабыз.

Жергеликтүү кеңештерге кайсы саясий күчтөр көп талапкерди көрсөткөн болсо ошолор жеңишке жетишери табыйгый көрүнүш, деп белгиледи Борборшайлоокомдун төрагасы Сулайман Иманбаев. Маалым болгондой бийликке жакын партиялар 4 миңдей талапкерди, ал эми оппозициялык партиялар жүздүн тегерегинде өз талапкерин жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка көрсөткөн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG