Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ: «БУЛ ШАЙЛОО БАРМАККА БЕЛГИ КОЮУ ЫКМАСЫНЫН ЗАРЫЛДЫГЫН ДАЛИЛДЕДИ»


Чолпон Орозобекова , Бишкек Бүгүн «Атуулдук коом жана демократия үчүн» коалициясы билдирүү жасады. Шайлоонун жүрүшүнө коалициянын атынан көз салган байкоочулардын баамында, жергиликтүү кеңештерге шайлоо жалпысынан тынч өттү. Бирок бул шайлоо жараяны ачык- айкын болгон жок жана бир катар мыйзам бузууларга жол берилди дешет бейөкмөт уюмдар.

«Атуулдук коом жана демократия үчүн» коалициясы кечээги шайлоо боюнча алгачкы байкоолору менен бөлүштү. Уюмдун жетекчиси Эдил Байсаловдун айтымында, шайлоо жалпысынан тынч өткөнү менен ачык- айкындуулук болгон жок. Шайлоо комиссиянын мүчөлөрү жана жетекчилеринин иштеген жери, саясий уюмдарга таандыктыгы тууралуу мурдатан эле так маалымат айтылган эмес. Алардын аты- жөнү гана жазылгандыктан шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузулгандыгы маалым болуп отурат. Жаңы шайлоо кодексине ылайык мамлекеттик мекеме жетекчилери шайлоо комиссиясын жетектегенге уруксат жок. Мисалы, Бишкектеги № 79 мектептин деректири ошол чөлкөмдөгү шайлоо комиссиясын башкарды. Эдил Байсалов билдиргенге караганда, бу жолу мындай көрүнүштөр көп учурады. Көз карандысыз байкоочулар бир топ мыйзам бузууларды катташкан. Атуулдук коом жана демократия үчүн коалициясы аларды иргеп, бир катары боюнча сотко кайрылышмакчы. Эдил Байсалов билдиргенге караганда, бүгүнкү күндө эки факт боюнча сотко арыз жолдонууда. Аламүдүн районундагы Ленин айылында көз карандысыз байкоочулар түшкү саат 1ге чейин эшикте калышкан. Ал эми байкоочулар 5 мүнөткө шайлоонун жүрүшүнөн обочо кала турган болсо, бул шайлоо чөлкөмүндө шайлоо калыс өткөн жок деп сотко берүүгө мыйзам жол берет. Эдил Байсаловдун айтымында, шаар четиндеги жаңы конуштарда машина менен өз кишилерин ташып келип добуш бердирткендер да байкалган:

- Бизде мурдатан эле бул көрүнүш болуп келген. Талапкерлер шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жашыруун келишип алышат. Анан бул чөлкөмдө катталбагандарды, ошондой эле катталгандарды бир нече жолу алып келип добуш бердиртишет. Бишкектеги жаңы конуштарда айрыкча ушул көрүнүш байкалды. Муну биз бармакка белги коюу ыкмасын киргизмейин жойо албайбыз, - дейт Эдил Байсалов.

Анын айтымында, бармакка белги коюу ыкмасына каршы чыккан саясатчылар деле бул шайлоону көргөндөн кийин ал оюнан кайтышты. Бармакка белги коюу эч качан адамдын ар- намысына шек келтирбейт деп санайт:

- Адамды бул ыкма кемсинтпейт. Колунун мөөрүн баскан деген таптакыр башка, аны менен чаташтырбаш керек. Добуш бергени келген шайлоочунун бармагынын үстүнө жыттуу, түссүз суюктук чачылат. Аны бир аздан кийин эле унутуп каласың. Эгер дагы бир жолу добуш берем деп келе турган болсоң анда кармалып каласың. Ал кирип келатканда ультраүндүү аппарат менен текшерсе дароо мурда добуш бергени бармагынан билинип калат. АКШ өңдүү өнүккөн өлкөлөр да бул ыкманын Кыргызстанда колдонулушун эп көрүп атышат, - дейт Эдил Байсалов.

Анын айтымында, бейөкмөт уюмдар жакында президент Аскар Акаевге кайрылып, мыйзамчы депутаттардын бармакка белги коюу ыкмасын киргизүү сунушун колдоп берүүнү өтүнүшмөкчү.

Коалициянын байкоочулары жалпысынан республика боюнча шайлоочулар кошкөңүл болгонун белгилешти. Ал эми кечкурун региондордо добуш бергендердин саны эки эсе көбөйгөнүнө күмөн саноо менен мамиле кылышты. Коалициянын жетекчи орун басары Михаил Корсунскийдин айтымында, дүйнөлүк тажрыйба боюнча шайлоочулар эртең менен жана түш ченде агылып келишет. Ал эми кечкурун шайлоочулардын жарымы бүт келгени анча реалдуу эмес сезилүүдө. «Саат төрттө бул көрсөткүч 30 пайыздын тегерегенде туруп эле, анан кечинде 60 пайыздан ашып кетиши - күч менен көтөрүлгөн желсандар» дейт Михаил Корсунский. «Атуулдук коом жана демократия үчүн» коалициясы Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин канааттандырарлык эмес деп табат. Эдил Байсаловдун айтымында, Боршайком бул шайлоого даярдыктарды начар жүргүздү. Биринчиден, бардык дубандарды тунук үкөктөр менен камсыз кыла алган эмес. Экинчиден, шайлоо тууралуу коомчулукту маалымдоо иштерин өз деңгээлинде ишке ашырган жок. Сөз соңунда коалиция өкүлдөрү оппозициячыл маанайдагы партияларды жана саясатчыларды ачууга алдырбаганга чакырды. Эдил Байсаловдун айтымында, кандай болгон күндө жергиликтүү кеңештерге шайлоолор эркин өткөн жок деп кесе айтууга болбойт.

XS
SM
MD
LG