Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

БЕСЛАНДАГЫ КАРГАШАЛУУ КҮНГӨ 40 КҮН ТОЛДУ


Бесландагы трагедиялуу күндүн орун алганына 40 күн болду. Бирок азыркыга чейин ошол каргашалуу күндөр көптөгөн адамдардын сезиминде, жүрөгүндө сакталып келе жатат. Бесландагы кайгылуу окуя кыргызстандыктарды да кайдыгер калтырган жок.

Түндүк Осетиянын Бесландагы каргашалуу окуяга кырк күн толду. Ушул жылдын 1 сентябрында Беслан шаарында болгон терракт көптөгөл адамдардын өмүрүн алып кетти. Алардын ичинде карысы да, жашы да, жадагалса эне сүтү оозунан кете элек өспүрүмдөр да бар.
Кыргызстандын диний башкармалыгынын муфтийи Мураталы ажы Кыргызстанда мындай терракттар болбойт деген ишенимин билдирди:

- Биз дагы Бесландагы окуяны терең кайгы мене кабыл алдык. Себеби, жаман ишке, өлүмгө жаш балдардын дуушар болгону. Жаштарды, балдарды мээримдүүлүк менен карабаган , мээримин чачпаган пайгамбарыбыздын хадиси бар. Биз мусулмандар ушундай терракт болобу, ыплас нерселерге аралашпай, таза , ыймандуу жана адептүү балдарды тарбияляшыбыз керек. Кыргызстан бүгүнкү күндө ушундай жаман нерселерге барабы дегенге айткым келет, Кыргызстан азыр мамлекет тараптан түзүлгөл дин эркиндигинин эң жогорку баскычында жашап жатат. Мусулмандар тараптан ушундай жаман ой, жаман пикир болбойт да, болушу мүмкүн да эмес, - деди Мураталы ажы.

Ал эми Жогорку кеңештин депутаты Жангороз Каниметов ушундай терракттар Кыргызстанда болбошу үчүн биринчиден коопсуздукту күчөтүү зарыл экендигин айтты:

- Бул терракттын болушу коркунучтуу да, аянычтуу да болду. Балдарга кол салуу деген дүйнөдөгү жырткычтык деп эсептейм. Кыргызстанга келип, кетип жаткан адамдардын бардыгын көзөмөлгө алуу зарыл. Башкысы сактаныш керек, коопсуздуктуу күчөтүү керек, - деди Жангороз Каниметов.

Коопсуздук маселесин айта турган болсок, Бесландагы окуядан кийин Кыргызстандын айрым орто мектептеринде коопсуздук маселеси күчөтүлдү. Бул тууралуу 64 орто мектептин коопсуздук кызматкери Руслан мырза мындай деди:

- Бесландагы окуядан кийин мектепке чоочун адамдарды документсиз, паспортсуз киргизбейбиз. Мектептеги окуучулардын жүрүм турумун карайбыз. Балдарга бирөө жарым келсе, дежурныйды чакыртып, ошондо гана киргизебиз, - деди Руслан мырза.

Ошол Бесландагы кандуу күндөрдү жүрөгүнөн өткөргөн Беслан шаарындагы номер биринчи мектептин окуучусунун, каргашалуу күндөн аман калган кыргызстандык Малик Калчакеевдин аталаш агасы Мурат Калчакеевге сөз берели:

- Бесландагы окуяны карап отуруп, зээним кейиди, Малик балам аман эсен калганына кудайга тобо. Анын эки досу каза болуп калды. Бесландагы окуядан кийин Маликтин атасы, өзү менен да сүйлөштүм, түнүчүндө уктай албай кыйналып жатыптыр. Аябай коркуп калган экен. Атасынын айтымында, ошол үч күндүн ичинде кадимкидей чоң кишилиердей ой жүгүртүп калды. Баягы баладай мүнөзү жок, - деди Мурат Калчакеев.

XS
SM
MD
LG