Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

ОРУСИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ БИШКЕКТЕ


12-октябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстандагы ырасмий сапарынын алкагында өзүнүн кесиптеши Аскар Айтматов менен жолугушту. Анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтык, эларалык терроризмге каршы биргелешип күрөшүүнүн мындан аркы жолдору жана Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын абалы боюнча маселелер талкууланды. Ал эми Николай Танаев менен Сергей Лавровдун жолугушуусу учурунда Кыргызстандын тышкы карызын жоюу маселеси козголду.

Министр Аскар Айтматов менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эки мамлекеттин ортосундагы достук мамиле мындан ары да чыңдала бере турганын дагы бир ирет бекемдеди:

-Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык жана союздаштык мамилелер мындан ары да бекемделет деп мен ишенимдүү айта алам. Элибиз ынтымакта жашагысы келген каалоо-тилектен тышкары да биздин жарандардын коопсуздугун сактоо деген жооптуу милдетибиз бар. Ал коопсуздук болсо соңку кездерде жаңы коркунучтарга туш болууда. .

Лавровдун айтымында, террорго каршы күчтү бириктирип гана күрөшүү ийгилик алып келет. Террор темасы Лавров менен Айтматов жетекчилик кылган эки тараптуу жолугушуу учурунда да талкууга алынды.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин айтымында, эки мамлекеттин ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкта террорго, экстремизмге каршы биргелешип күрөшүү өзөктүү маселе болуп саналат:

-Биз КМШнын, Коллективдүү коопсуздук жана Шанхай кызматташтык уюмдарынын алкагында терроризмге, диний экстремизмге, маңзаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөштөгү кызматташтыгыбызды чыңдайлы деп чечтик.

Орусия өзүнүн Канттагы аскерлеринин санын миңден ашырып, учактарынын да санын көбөйтүүгө ниеттенип жатканын Кыргызстандын Орусиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Кемелбек Нанаев «Азаттыктын» кабарчысына берген интервьюсунда ырастаты:

-Ал чын. Жакында Канттагы аскердик күчтөрдүн машыгуусу болуп өттү. Ошондон кийин Орусиянын өкмөтү жана коргоо министрлиги Кантты кеңейтүүнү ойлоп, техниканы, учактарды көбөйтмөкчү. Себеби мындай чоң база КМШнын башка өлкөлөрүндө жок. Авиабазанын бизге пайдадан башка зыяны деле тийбейт. Эки мамлекеттин экономикалык соода байланыштары Кантка Орусиянын авиабазасы ачылгандан бери чыңдалып, күчөп жатат..

Айтматов менен Лавровдун жолугушуусу учурунда кыргыз тарап Орусиядан президент Аскар Акаевдин Бириккен улуттар уюмунда көтөргөн демилгесин колдоп берүүнү өтүндү. 28-сентябрда Кыргызстандын мамлекет башчысы Улуттар уюмунда жарды өлкөлөрдүн тышкы карыздарын жоюу боюнча резолюция кабыл алууну өтүнгөн эле:

-Орус тарап Кыргызстандын бул демилгесин колдоп берүүгө сөз берди.

Аскар Айтматов Сергей Лавров министрлик кызматка киришкени КМШ алкагындагы биринчи сапарын Бишкекке жасап жатканын, бул окуянын өзү эле - Орусия өзүнүн тышкы саясатында Кыргызстан менен кызматташууга кандай маани бере турганын көрсөтүп турат деди.

Сергей Лавров өз кезегинде Кыргызстандын улуттар аралык саясатын мактап өттү:

- Кыргызстандагы орус улутундагы атуулдар башка көптөгөн республикаларга караганда өздөрүн жакшы сезип, жашап жатканы биздин көңүлгө жагат. Биз бул жакшы тажрыйба жайылтылса деген тилекте элек.

Кыргызстандагы орус улутундагылардын абалына министрлер ыраазы болгону менен Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын жашоосунда толгон-токой кыйынчылыктар бар экени жашыруун эмес. Аскар Айтматов бул маселе Лавров менен сүйлөшүүдө козголгонун жана жаңы жылыштар болот деген ишеним бар экенин билдирди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кемелбек Нанаев болсо Бесландагы каргашалардан кийин миграциялык тартиптер катуулаганын, бирок ырасмий Бишкек өзүнүн мигранттарынын укуктарын коргоо үчүн бир катар аракеттерди көрүп жатканын айтты.

Түштөн кийин Орусиянын тышкы иштер министри Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев менен жолугушту. Анын жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык жана аскердик багыттагы айрым маселелер талкууланды.

Николай Танаев өлкөнүн тышкы карызынын бир бөлүгүн Париж клубу аркылуу жоюу ишине Орусиянын жардам беришин өтүндү. Анын айтымында, Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызын кечүүнү 2005-жылы мартта карайт.

Ошону менен бирге эле Танаев «Өз кезегинде сиздер Монголиянын 13 миллиард долларын кечкенсиздер, Африка өлкөлөрүнүн 35 миллиардын кечкенсиздер, алардын жанында биздин 170 миллион доллар эмне болуп калыптыр», деди Лавровго кайрылып. Лавров болсо орус тарап Кыргызстандагы бир нече ишканалардын тизмесин бергенин жана алар тышкы карызды жоюу учурунда каралаарын билдирди.

Танаевдин айтымында, Кыргызстан буга чейин 4 ишкананы Орусиянын башкаруусуна өткөрүп берген.

Сүрөттө: Аскар Айтматов жана Сергей Лавров.

Фото автордуку.

XS
SM
MD
LG