Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:58

Израилдин премьер-министри Газа сектору боюнча планды ушул айдын соңунда добушка салат


Ариэль Шарон бул тууралуу кечээ жөөт парламентинде сүйлөгөн учурунда билдирди:

-Бул план коомчулукта кызуу талаш –тартыштарды жаратканы жашыруун эмес. Мен Кнессетке ал планды алдыдагы эки аптада талкуулоону жана 25 октябрда добушка салууну сунуштоого ниеттенип жатам.

План келерки жылы Газа секторунан Израил аскерлери толук чыгарылышын жана 8 миңдей жөөт тургуну көчүрүлүп кетишин карайт. Ал Ариэль Шарон өзү лидерлик кылган "Ликуд" партиясында да тегиз колдоө тапкан эмес. Кечээ Израил парламенти премьер- министрге ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү сунушту четке какты. Маселе оппозициячыл партиялар тарабынан көтөрүлгөн болчу. Мунун аралыгында Газа секторунда жөөт аскерлеринин палестин согушкерлери Израилдин аймагын ракета менен атуусун токтотууну максат кылган операциясы уланууда. Кечээ палестиндердин "Исламчыл Жихад" уюмунун жолбашчыларынын бири Мохаммед Шейх Халилдин үйү ракета менен атылып, бирок кабарларга караганда, үй ээси жок болгондуктан башка беш адам жаракат алган.

XS
SM
MD
LG