Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:15

АБХАЗИЯДАГЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ОРУСИЯНЫ ЭТИЯТТАНТТЫ


Өзүн Грузиядан күнкорсуз деп жарыялаган Абхазиянын жаңы президенти болуп Сергей Багапшанын шайланганы дүйшөмбү күнү ырасмий түрдө жарыяланды. Бирок республикадагы кырдаал татаал бойдон калууда. Шайлоодо жеңилген экс-премьер-министр Раул Хажимбанын жактоочулары дүйшөмбүдөн шейшембиге оогон түнү бою Сухуми шаарындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Абхазиянын негизги колдоочусу Орусия шайлоонун жыйынтыгына өтө этият баасын берди.

Кара деңиз боюндагы Абхазияда 3-октябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы бир нече күн кечигип жатып маалым болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын - БШКнын орун басар төрагасы Александр Адлейба дүйшөмбү күнү Сухумиде Сергей Багапштын жеңишин жарыя кылды:


- Абхазия Республикасынын президенти болуп Багапш Сергей Васильевич
шайланды.


Багапшты талаштуу Гали районун кошуп эсептегенде, шайлоочулардын 50,8 проценти же 43 300дөн ашуун адам колдогон.

Адлейба айткандай, кортунду протколго борборшайлоокомдун 15 мүчөсүнүн өлкөдөгү саясый эрөөлдү жөндөөгө кызыккан 11 мүчөсү кол койгон. Ага каршы болгон төрага эки орун басары менен чогуу кызматынан кетишти.

Россия колдогон Абхазия 1993-жылдан бери Грузияны тааныбай, өз алдынча бийлик жүргүзөт.

Москвага ык койгон Раул Хажимбанын тарапкерлери шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү дешип, дүйшөмбү күнү түнкүсүн Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты алдында нааразычылык акциясын өткөрүштү.

8-октябрда премьерликтен кеткен Раул Хажимба шейшемби күнү билдиргенге караганда, анын тарапкерлери дагы жаңы демонстрацияга чыгышат:

-Бул каршы жактын мыйзамсыз кадамы. Биз маселени сот аркылуу чечүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө кеп кылып жатканбыз. Алар иш жүзүндө Борборшайлоокомго кысым көрсөтүп, чечим чыгартышты. Биз адилеттиккe мыйзамдуу жолдор менен жетебиз.

Абхазиянын Жогорку соту негизги эки талапкердин доо арыздары боюнча анын өкүмү чыкмайынча шайлоонун жыйынтыгы жарыяланбаш керек эле деп санайт.

Жогорку сот акыркы беш күн ичинде эки жолу Хажимбанын арызы каралат деп билдирип, бирок сөзүн аткарган эмес. Шайлоокомдун ырасмий жарыясы Хажимбанын арызы эми карлбайт дегенди түшүндүрөбү, азырынча беймаалым.

Бирок башкы прокурор Рауф Коруа Гали районундагы мыйзам бузуулар боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Жеңүүчү жарыяланган Сергей Багапш дүйшөмбү күнү республиканын калкына кайрылды:


-Мен бүгүн сиздердин баарыңыздарды бир нерсени түшүнүүгө чакырам: республиканын жетекчилигине келген адамдар - ким кандай добуш бергенине жана ким эмнени сүйлөгөнүнө карабай, алар бардык биздин жарандар үчүн кызмат кылышат. Чоң жана жигердүү иштер бүткөрүлүш керек.

Ырасмий Москва Сухумиден келген кабарга этият мамилесин билдирди. Бишкекте сапарда жүргөн Тышкы иштер министри Сергей Лавров шейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө, жагдайдан толук кабардар эмесин айтып, республиканын жаңы жетекчилиги үчүн абхаз-грузин чатагын жөндөө маанилүү экенине көңүл бурду:


– Мен Абхазияда бийликке келген адамдар мурда жетишилген келишимдердин негизинде жана аларга таянып, чатакты жөнгө салуу иштерин улантышы зарыл деген ишенимдемин. Албетте, Грузия тарап да өз милдеттемелерин, өзүнө тийиштүү жумуштарды аткарышы шарт.

“Карадеңизэнерго” компаниясынын башкы директору Сергей Багапш Абхазиядагы президенттик шайлоодо жеңди деген кабарды ырасмий Тбилиси оң кабыл алды. Грузин бийликтери Абхазиянын жаңы лидери өз ара сүйлөшүүнү тездетет деген ишеничте. Тбилисиде Хажимбаны абхаз-грузин сүйлөшүүлөрүнүн токтоп калганы үчүн жооптуу деп билишет.

Грузиялык таанымал эксперт Паата Закареишвили Москва Сергей Багапш менен тил табышпаса, дээрлик бир жума бою эсеби бүтпөгөн Борборшайлооком Багапш жеңди деп жарыялабайт болчу деген пикирде.

Абхаз талдоочулары Орусия эл аралык коомчулук тааныбаган Абхазияны колдогондуктан, Багапш Москва менен алаканы мурдакы нукта кармаарын айтышат.

Сүрөттө: Сергей Багапш.

Фото Би-Би-Си сайтынан.

XS
SM
MD
LG