Атомдук энергия боюнча агенттиктин (МАГАТЭнин) башчысы Мохаммед Эл-Барадей Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине жолдогон катында “Ирактын өзөктүк курал программасына тиешелүү материалдар менен жабдууларды акырындап жок кылууга көрүлгөн аракеттер” тынчсыздандырып жаткандыгын билдирди.
МАГАТЭнин эксперттери Ирактагы согуш башталаар алдында ал жерден кетишкен. Кийинчерээк алардын кайра Иракка келишине АКШ тыйуу салган. Андыктан, алар Ирактагы ишмердүүлүгүн уланта алышкан жок.
Бирок өзөктүк курал боюнча Ирактагы абалга спутник аркылуу же жердин космостогу жасалма жандоочусу аркылуу көз салып турушту. Бул жолу МАГАТЭ өз билдирүүсүн дал ушул космостон тартылып алынган сүрөттөргө таянып айтууда.
Кабарда айтылгандай 1991-жылга чейин Ирактын өзөктүк курал программасына тийиштиги бар көптөгөн имараттар азыр бош калыптыр. Аларда жогорку деңгээлдеги түрдүү жабдуулар менен материалдар бар болчу. “Алардын баары жок” деп айтылат катта.
МАГАТЭнин өкүлү Мелисса Флеминг айымдын айтымында, негизи Эл-Барадейдин бул жолку каты - ал мезгил-мезгили менен Коопсуздук кеңешине жиберип турган каттардын бири гана.
Иракта согуш башталгандан тарта эле МАГАТЭ ал жердеги өзөктүк куралга тийиштиги бар материалдардын абалына тынчсыздануу билдирип, коопсуздукту күчөтүү керектигин айтып келген. “Бул жолу Эл-Барадей азыр проблема мурда болуп көрбөгөндөй курчуй баштаганына басым жасады," дейт МАГАТЭнин өкүлү:
-Бул жолу биз жасалма жандоочу-спутник аркылуу тартылып алынган сүрөттөрдү көрсөткөнүбүз өзгөчө көңүлдү бурду. Азыр Ирактын өзүндө изилдөө жүргүзө албайбыз. Буга чейин биз болгон жерлердеги жабдуулардын азыр такыр жоголуп кеткендиги сүрөттөрдө ачык көрүнүп турат. Бул, албетте, тынчсыздантпай койбойт. Анткени ал жабдуулар өзөктүк куралды жасоодо да колдонулушу мүмкүн, - деди Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин өкүлү Мелисса Флеминг айым.
Иракта 2003-жылы башталган согуштан кийин жоголгон - өзөктүк курал жасоодо колдонулуучу айрым материалдар Европада жана Жакынкы Чыгышта табылган.
МАГАТЭ тарабынан айтылган бул материалдар өзөктүк курал жасоого аракеттенген өкмөттүк же террор топторуна сатылган болушу мүмкүн.
Эл-Барадей өз катында билдиргендей, Ирактын утурумдук өкмөтү азырга чейин өзөктүк курал жаатындагы кымындай эле өзгөрүү ошол эле замат МАГАТЭге кабарланаары тууралуу айтып жатат.
Бирок 2003-жылдын мартынан тарта МАГАТЭге Ирактан бул өңдүү билдирүүлөр түшкөн эмес.
Барадейдин бул жолку билдирүүсүнө ырасмий Вашингтон да, Багдад да эч кандай ойлорун айтыша элек. Флеминг айым билдиргендей, МАГАТЭнин, ошондой эле Улуттар уюмунун инспекторлор тобу Иракта кайра ишмердүүлүгүн улантууга азыр да даяр:
-Биз бир канча жолу Ирактагы ишибизди улантууга даяр экендигибизди билдиргенбиз. Бул – Улуттар уюмуна баш ийгендердин чечими. Коопсуздук кеңеши ушул жылдын июнунда МАГАТЭнин жана инспекторлор тобуна Иракта иштөө укугу кайрадан бериле тургандыгын айткан. Андыктан, биз бул жолу да ишти улантууга даярдыгыбызды билдиребиз,- деди МАГАТЭнин өкүлү Флеминг аймы.
Өткөн жумада АКШнын башкы аскерий инспектору Чарлз Дулфер Саддам Хусейн өзөктүк курал жасоо аракеттеринен 1991-жылы эле баш тарткандыгын билдирген.