Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫН МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ КИЙИНКИГЕ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Мыйзам чыгаруу жыйынынын 12-октябрдагы отурумунда энергетика тармагын менчиктештирүү маселеси талкууланып, ал талаш-тартыш менен коштолду. Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жана өкмөтчүл маанайдагы депутаттар энергетика тармагын менчиктештирүү маселесин дароо кароону айтышты. Ал эми оппозициячыл маанайдагы депутаттар эң кирешелүү делинген энергетика тармагын менчиктештирүүнү кыргыз элине карата болгон чыккынчылык катары баалашып, маселени кароону кийинкиге калтырууну сунушташты. Талаш-тартыш үч сааттай уланды. Добуш берүүгө келгенде, ортомчул депутаттар оппозициячыл депутаттарды колдошуп, маселени кароо бейшемби күнгө жылдырылды.

Кыргызстандын аткаруу бийлиги соңку бир аптадан бери энергетика тармагын менчиктештирүү менен алектенүүдө. Бул максатта Мыйзам чыгаруу жыйынына акыркы бир апта бою президенттик администрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков жана өкмөт башчы Николай Танаев баш болгон бардык министрлер катышса, шейшемби күнкү отурумга бардык областардын губернаторлору катышты.

Бул күнкү талаш-тартыш Мыйзам чыгаруу жыйынынын дүйшөмбү күнкү отурумунда менчиктештирүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынган токтомго кайрадан кайрылып келүү же келбөө, деген сунуштардын тегерегинде башталды.

Оппозициячыл маанайдагы депутаттар 1991-жылдан бери жүргүзүлгөн менчиктештирүүнү депутаттык комиссия түзүп текшерип, мына ошол текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча гана энергетика тармагын менчиктештирүү демилгесин көтөрүштү. Кызуу талаш-тартыштан соң оппозициячыл маанайдагы депутаттардын сунушу добушка коюлду.

Натыйжада Мыйзам чыгаруу жыйынынын келээрки отурумунда он жылдык менчиктештирүүнүн жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алууга кайра кайрылып, менчиктештирүүнүн жыйынтыктарын текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүү чечимине келишти.

Андан соң талаш-тартыш өкмөт сунуш кылган энергетика тармагын менчиктештирүүнү дароо кароо жана маселени кароону кийинкиге жылдыруу, деген эки түрдүү сунуштардын тегерегинде улантылды.

Өкмөтчүл маанайдагы депутаттар жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев энергетика маселесин талкуулоону дароо баштоону сунушташты. Ал эми оппозициячыл депутаттар болсо энергетика маселеси күн тарбине киргизилгенде ирети такталбай калгандыгын айтышып, маселени кароону кийинкиге жылдырууну айтышты.

Добуш берүүгө келгенде ортомчул көз караштагы депутаттар оппозициячыл маанайдагы депутаттарды дагы бир жолу колдошуп, маселени кароо кийинкиге жылдырылды.

Андан соң өлкөнүн Башмыйзамынын 65-беренесине ылайык мамлекет башчысы жана өкмөт кечиктирилгис деп аныктаган мыйзам долбоорлору палатада кезексиз каралыш керек деген эреже эске алынып, маселени кароо бейшемби күнгө жылдырылды. Ошондой эле палатада түрдүү пикирлер орун алгандыктан шаршемби күнгө чейин тыныгуу жарыяланды.

Палатадагы жогорудагыдай көрүнүштөн улам эмне үчүн өкмөт тарабынан сунушталган маселени көпчүлүк учурда эч кандай каршылыгы жок колдоп келген ортомчул депутаттар бул жолу оппозициячыл маанайдагы депутаттарды колдоп кетишти, деген суроо туулат. Анын себеби тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболовдун пикири төмөндөгүчө:

-Маселенин мүчүлүштөп каралбай калгандыгынын себеби өкмөт мүчөлөрүнүн арасында да ич ара пикир келишпөөчүлүк болууда. Өкмөт мүчөлөрүнүн айрымдары депутаттарга маселени колдоп бер дешсе, айрымдары кош көңүл карашууда. Төртүнчү күнү маселе мындан да курчуп кетиши ыктымал.

Ал эми бул маселе боюнча депутат Азимбек Бекназаров мындай дейт:

- Биринчиден, шайлоо жакындап калды, депутаттар өз шайлоочуларына барганда «мына мен колдогон жокмун» деп айтып барышы керек. Ошондон улам болду. Ал эми төртүчү күнгө чейин аткаруу бийлиги мына ошо орто заар он депутатты ар түрдүү жол менен көндүрүшү толук ыктымал. Эгерде төртүнчү күнү бул маселе өтүп кете турган болсо, эл арасындагы «депутаттар сатылат» деген сөз бекер айтылбагандыгына далил боло алат.

XS
SM
MD
LG