Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:10

ЭЛЧИ СТИВЕН ЯНГ КЫРГЫЗСТАНДА БИЙЛИКТИН ТЫНЧ АЛМАШУУСУНА ИШЕНЕТ


13-октябрда Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Янг маалымат жыйынын өткөрүп, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык кызматташтык жакшы ыраатка салынганын белгиледи. Элчи Кыргызстан демократиялык жаңылануу жагынан кошуна өлкөлөрдөн кыйла алдыда экенин айтып, Батыш өлкөлөрү эмдиги жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоого үлкөн үмүт артып отурганын маалымдады. Кыргызстандагы бийликтин мыйзамдуу демократиялык жол менен өтүшү башка өлкөлөргө өрнөк болорун билдирди.

Стивен Янг Кыргызстан менен Кошмо Штаттардын ортосундагы кызматташтык эки багытта – коопсуздук маселелерин чечүү, экономикалык көмөк көрсөтүү аркылуу ишке ашырылып жатканын белгиледи:

-Коопсуздук жагынан кызматташуу тууралуу айтканда коалиция күчтөрүнүн «Манас» абамайданында жайгашкан авиабазасын белгилей кетүү абзел. Коалиция күчтөрүнүн авиабазасы жалгыз эле Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылбастан, жаамы Борбор Азия чөлкөмүнүн бейпилдиги менен туруктуулугун сактоого салым кошууда.

Стивен Янгдын ырасташынча, Кошмо Штаттары Кыргызстанга маңзаттардын ташуучу жолго бөгөт коюп, террорчулукка каршы турушка керектүү техникалык жабдууларды берип, адистерди окутуп-үйрөтүү жагынан да колдоо көрсөтүп келатат. Стивен Янг Кыргызстанда жарандык коомдун активдүүлүгү артып баратканын айтты. Өлкө эмдиги жылы чоң сыноо - бийликти бир колдон экинчисине мыйзамдуу демократиялык жол менен өткөрүү алдында турганын маалымдады.

-Эмдиги жыл Кыргызстандын тарыхындагы өзгөчөлүү мезгил. Кыргызстан Борбор Азияда бийликтин тынч, демократиялык жол менен өтүшүн камсыз кылуу сыноосунда турат. Жалгыз Америка Кошмо Штаттары эмес, жаамы дүйнө өлкөлөрү калк күсөгөн талабына жетиши үчүн кыргыз өкмөтү өкмөтү тийиштүү шарттарды түзүп, калыс, ачык, туура шайлоо өткөрүшү үчүн болгон жардамын көрсөтүшкө даяр.

Стивен Янг демократия кыргыз коому үчүн жат көрүнүш эместигине токтолуп, аны америкалыктардын энчиси катары баалагандарды сынга алды.

-Айрым кыргыз басылмаларында, башка өлкөлөрдүн маалымдоо каражаттарында деле америкалык баалуулук катары демократия Кыргызстанга сырттан таңууланып жатат деген жаңылыш пикир айтылып келатат. Менимче, жөнжай адамдар өз үнүн башкаларга угузганга башынан эле куштар болуп келишкен. Коомдо демократия тиби болушу ыктымал. Бирок да Кыргызстанга демократия жат деп айтыш натуура. Кыргызстан демократия менен туруктуулуктун бирөөн тандап алышы керек деген жаңылыш пикирди уга калып жүрөм. Менин оюмча, демократиялык өнүгүүгө умтулмайын Кыргызстанда туруктуулуктун болушу мүмкүн эмес.

Эмдиги жылдын соңунда өтүүчү президент шайлоо тууралуу Кошмо Штаттардын элчиси момундай пикирин билдирди:

-Биз президенттин чечимин колдойбуз. Эмдиги жылдын февралындагы парламенттик, октябрь айындагы президенттик шайлоону калыс, ачык, мыйзамдык негизде, бийликтин тынч өтүшүнө шарт түзүү үчүн кыргыз өкмөтү, эл менен иштешүүгө ынтызарбыз.

Стивен Янг Кыргызстанда Орусия баш болгон жамааттык коопсуздук күчтөрү менен эларалык террорчулукка каршы турган коалициянын авиабазасынын ортосунда тирешүү жоктугун белгиледи. Авиабазнын канча убакыт турушу өкмөт менен келишимге ылайык чечилерин ырастады.

XS
SM
MD
LG