Биринчи телетаймаш 30-сентябрда Флорида штатынын Корал-Гэйбл шаарында, экинчи жолугушуу 8-октябрда Миссури штатынын Сент-Луис шаарында өткөн. Таймаштар башталаар алдында өткөрүлгөн элдик сурамжылоолор алдыда президент Жорж Буш келатканын көрсөткөн. Бирок 'Си-Би-Эс', 'Эй-Би-Си' жана 'Си-Эн-Эн' сыналгылары 1-октябрда жарыялаган үч башка сырамжылоонун жыйынтыктары - алгачкы таймашта Керри жеңип чыкканын көрсөткөн. Экинчи таймашта дагы Керри утту деп жарыяланган, бирок айырма анчалык көп болгон эмес.
Ошондуктан абалды оңдош үчүн үчүнчү таймашта Буш басымдуу артыкчылык менен жеңиш керек болчу. Бирок 13-октябрдагы беттешүүдөн кийин 'Си-Эн-Эн' сыналгысы, 'USA Today' аттуу гезит жана Гэллап институту биргелешип өткөргөн сурамжылоо дагы Керри жеңгенин көрсөттү. Таймашты сыналгы аркылуу көргөн 511 адам суралган жана алардын 53 пайызы артыкчылыкты Керриге берген, 39 пайыз адам Буш жеңди деп айткан.
Үчүнчү беттешүүнү 'Си-Би-Эс' сыналгысынын белгилүү журналисти Боб Шиффер өткөрдү, жолугушуу адаттагыдай эле бир жарым саатка уланды. Таймаш негизинен АКШнын ички маселелерине арналды, бирок талапкерлер дүйнөлүк маселелер тууралуу да талашты. Керринин айтымында, президент Буштун өкмөтү Иракка каршы согуш баштагандан кийин АКШнын коопсуздугу чыңалган жок, андан тышкары, Ооганстанда жашынган террорчуларды кармагандын ордуна миллиарддаган каражат жаңы согушка жумшалгандыктан, террорго каршы согуш талаптуу жыйынтык берген жок:
-Усама бин Ладен тирүү же өлүк табылыш керек деп президент Буш айткандан алты ай өткөндөн соң ага - Усама бин Ладен азыр кайда деген суроо берилген. Президент болсо ал суроого - билбейм, мен ага азыр көп деле кызыкпайм деп жооп берди. Биздин элге - террорго каршы чыныгы күрөш жүргүзгөн президент керек.
Президент Буштун айтымында болсо Саддам Хусейнди Ирактагы бийликтен кулатуу аракети террорчулукка каршы жалпы күрөштүн ажырагыс бөлүгү:
-Террорчуларга каршы согуш уланганда гана бир коопсуз жана сак боло алабыз. Бирок ал үчүн эркиндик жана азаттыкты да дүйнө жүзүнө таратыш керек.
Керринин айтымында, Буш бийликке келген төрт жылдын ичинде АКШда 800 миңден ашык жумуш орду кыскарды, миллиондогон адам өлкөдө ден соолугун камсыздандырбай жашайт, анткени ага акчасы жетпейт, салыктарды кыскартуу саясаты болсо жакырларды андан ары жакырлантып, байларды гана байытып жатат:
-Биздин өлкөдөгү балдар медикалык жардамсыз жашайт. Дүйнө жүзүндө биз эң бай өлкөбүз, бирок эң өнүккөн мамлекеттер ичинен биз гана балдардын ден соолугуна жетиштүү кам көрбөйбүз. Абалды оңдоо боюнча менин планым бар. Сенаторлор жана конгрессмендер жеткен саламаттык сактоо системасына өлкөнүн бардык жарандары жеткендей болуш керек.
Буш болсо Керринин айткандарын куру убада деп атап, өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктар мурдагы президент Билл Клинтон убагында башталганын белгиледи. Анын пикиринде, экономика азыр өсүштө, ошондуктан дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин жарандары АКШга келип иштөөгө умтулат.
Керринин айтымында болсо, Буш бийликке келгенде мамлекеттик бюджетте киреше чыгашадан беш жарым триллион доллардан ашык болчу, азыр болсо бюджеттин тартыштыгы жүз миллиарддаган долларга жетти.