Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

ОРУС ПРЕЗИДЕНТИ БЭЭЖИНДЕ СҮЙЛӨШҮҮ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ


Бүгүн (бейшембиде) Орусиянын президенти Владимир Путин үч күндүк сапар менен Бээжинге келди. Тараптар экономикалык өз ара кызматташтык маселелери менен катар эле, террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү маселелерин да талкуулоодо.

Бейшембиде Бээжинге келген президент Владимир Путин кытайлык кесиптеши Ху Цзинтао менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын ар кыл маселелеринен тышкары, коопсуздук жана террорчулукка каршы күрөш жаатында талкуу кылды.

Путиндин сапары Орусия менен коммунисттик Кытайдын дипломатиялык мамилелеринин негизделишинин 55 жылдык мааракеси менен дал келди.

Карнеги корунун Масскөөдөгү өкүлү Василий Михеев орус президентинин бул сапары эки өлкөнүн өз ара алакаларын чыңдоо үчүн жаңы салым кошот деген пикирин «Азаттыкка» билдирди:

- Соңку 10-14 жылдын ичинде Орусия менен Кытай мурдагы атаандаштыктан шериктикке өтүштү. Азыр, иш жүзүндө, биздин өз ара мамилелерибизде эч кандай олуттуу көйгөй жок.

Ал эми лондондук адис, Эл аралык стратегиялык иликтөө институтунун өкүлү Адам Уорд болсо президент Путиндин Бээжин сапары маалында козголчу эки башкы маселе катары төмөндөгүлөрдү санайт:

- Алардын бири – отун-кубат тармагы. Орусия Кытайга отун-кубат саткан эана аныны көлөмүн улам көбөйтүп жаткан эң ири шерик. Кытай болсо сырттан отун ташууга улам талаптанууда жана сырткы булактарга көз каранды. Экинчи тармак – коргоо технологиясы. Кытай коргоо технологиясынын өз алдынча өндүрө албаган түрлөрү жаатында узак жылдардан бери Орусияга ишеним артып келет.

Чынында да, былтыр эле Кытай Орусиядан ташыган отундун көлөмүн 70 пайызга чейин көбөйттү. Бирок Сибирден Кытайдын түндүк-чыгышына чийки мунайзат жеткириле турган куур долбоору кагаз бетинде калып жатканына расмий Бээжин өзүнүн санааркаганын билдирип келет. Бээжиндин атаандашы – Токио бул куурду Кытайга киргизбестен, Орусиянын Ыраакы Чыгышына чейин жеткирүүгө, андан ары чийки затты деңиз жолу менен Жапонияга ташууга ынтызар.

Бул мунай кууру маселесинде Кремл Орусиянын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечим кылаарын шаршембиде Путин эскертти.

Ушул тапта Маскөө менен Бээжин эл аралык террорго каршы күрөштө бирдей саясатты тутууда. Бул тууралуу президент Путин шаршембиде кытайлык кабарчыларга мындай деп айтты:

- Бул жалпы душман болгон кара күчтөргө каршы натыйжалуу жана ийгиликтүү күрөш жүргүзүү үчүн биз өз күчтөрүбүздү бириктиришибиз керек. Биз бир ооздон сүйлөгөнгө үйрөнүшүбүз абзел. Террорчулук деген эмне экентн аныктоо жаатында, Кытай тарабы менен биз өз ара макул болгондой, кош стандарттуулукка жол койбошубуз керек.

Адистер белгилегендей, Орусия менен кытайдын башын ооруткан маселелердин бири – жикчилик. Чеченстандагы жикчилер аймактын Орусиядан көз каранды эместиги үчүн күрөшүп жатса, ал эми тарыхый чыгыш Түркстанда – азыркы Шинжаң Уйгур автоном районунда - жергиликтүү уйгур калкынын өкүлдөрү мурдагы көз каранды эместик макамын калыбына келтирүүнү көксөйт. Орусия да, Кытай да бул жаатта Шанхай кызматташтык уюму аркылуу пост-советтик борбордук азиялык жумурияттар менен кызматташууга ынтызар.

Сүрөттө: президент В.Путиндин Бээжинге жасаган сапарынан бир көрүнүш.

Фото AFPныкы.

XS
SM
MD
LG