Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

АТУУЛДУК БИРИКМЕ ШАЙЛООГО БААСЫН БЕРДИ


Азиза Турдуева, Бишкек 14-октябрда «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикме Бишкек шаардык кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну, Борбордук шайлоо комиссиянын, Бишкек шаардык, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларын жаңыдан түзүүнү талап кылып, билдирүү жасады. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы жана айрым саясий партиялар мындай билдирүү негизсиз деген пикирлерин айтышууда.

«Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин маалыматы боюнча өткөн жекшембиде Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоо өлкөнүн «Шайлоо жөнүндөгү кодексин» одоно турдө бузуулар менен өттү.

Башка бейөкмөт уюмдардын катарында шайлоого байкоо жүргүзгөн бул уюмга мыйзам бузуу фактылары боюнча ондогон арыздар жана акттар түштү. Мыйзам бузуулар менен добуштарды топтоого өзгөчө студенттер пайдаланылып жатты.

Бирикменин мүчөсү, «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев Бишкек шаардык кеңешке шайлоо бурмалоо менен өткөрүлдү жана парламенттик шайлоодо да ушундай ыкма колдонулат деген пикирин мындайча билдирди:

-Эл бийликке ишенбейт, бийлик элге ишенбейт. Ошондуктан, шаардык кеңешке шайлоо бурмалоолор, мыйзам бузуулар менен өткөрүлдү. Антпесе, эл бийликтин партияларына жана бийлик тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерине добуштарын бербейт эле. Ушундай эле ыкма менен эми парламенттик шайлоо да өтөт. Бийлик дайыма өзү каалагандай жыйынтыкты чыгарып алат .


Ал эми Борбордук шайлоо комиссиянын өкүлү Кубанычбек Исмаилов болсо «Адилет шайлооо үчүн» бирикменин мындай талаптары негизсиз деп «Азаттыкка» маалымдады:

-Азыр Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыктары чыгып жатат. Эми бул шайлоонун жалпы жыйынтыгын жокко чыгаруу негизсиз. Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо, анда аны далилдеп, Борборшайлоокомго, сотко кайрылып, чечүү керек.

Атуулдук бирикменин төрага орун басары, «Атамекен» социалисттик партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, шаардык кеңешке болгон шайлоодо каржы менен административдик ресурс негизги ролду ойноду:

-Менин баамымда, бул шайлоолорду өткөрүүгө жалпы талапкерлер 5 млн. АКШ доллардан ашык акча кетиришти. Бул Кыргызстандын тарыхында өтө ири сумма. Ал эми партиялардан шаардык кеңешке бийликти колдогон гана партиялардын, башкача айтканда, «Алга Кыргызстан», «Адилет» жана «Менин өлкөм» партияларынын гана өкүлдөрү өтүштү. Бул эмнени билдирет? Бул - шайлоодо негизги ролду каржы менен административдик ресурс ойногонун билдирет. Ал эми оппозициялык партиялардын бир да өкүлү өткөн жок.

Бирок айрымдар шаардык кеңешке оппозициялык партиялардын өкүлдөрүнүн өтпөй калышынын себеби алардын шаар калкынын арасында аброю жоктугуна байланыштуу болду дешүүдө. «Менин өлкөм» партиясынын лидерлеринин бири Курманбек Дыйканбаев да ушундай пикирде:

-Шаардык кеңешке оппозицялык партиялардын өтпөй калышынын себеби – алардын аброю шаар калкынын ичинде жок экендигин, Бишкекте алардын тамырлары жоктугун көрсөттү.

«Адилет шайлоо үчүн» бирикмеси ошондой эле шаардык кеңешке шайлоонун мыйзам бузуулар менен өткөндүгүнө өлкөдө пропорционалдык системанын алынып салынышы да себеп болду деген көз карашты да айтууда. Буга байланыштуу Өмүрбек Текебаев:

-Биз жөнөкөй партиялар жок дегенде бир талапкерин парламентке өткөрүү үчүн пропорционалдык шайлоо ыкмасынын киргизилишин талап кылабыз. Пропорционалдык система киргизилмейинче шаардык, өлкөнүн парламентине оппозициялык партиялардын өкүлдөрү жана жөнөкөй атуулдар эч качан өтө албайт. Кыргызстандын шартында мажоритардык система биздин мамлекет менен коомубуздун кызыкчылыгына кедергисин тийгизүүдө.

«Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмеси Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо орун алган мыйзам бузууларга байланыштуу сот органдарына кайрылмакчы.

XS
SM
MD
LG