Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:11

ШАЙЛОО ТУУРАЛУУ ООГАНСТАНДЫКТАРДЫН ОЙЛОРУ


Төрөкул Дооров, Прага Ушул тапта ооганстандыктар өткөн ишембидеги алгачкы президенттик шайлоо канчалык деңгээлде ачык өткөндүгү тууралуу ич-ара ой-пикир бөлүшүп жаткан кези. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Ооганстандагы кабарчылары Рон Синовитс менен Фрешта Жалалзай ооганстандыктар арасында өлкөдөгү алгачкы тикелей шайлоодон алышкан таасирлери, андан эмнени үйрөнө алышканы тууралуу баарлашкан эле.

Ахмад Фардин - Кабул университетинин студенти. Ал шайлоо күнү Улуттар уюму менен Ооганстан ортосунда биргелешип шайлоо уюштуруу комитетинде иштеди.

Фардин шайлоодо күбө болгон окуялар анын ачык өтпөгөндүгүнөн кабар берээрин айтат:

- Мен шайлоого келишкен адамдарга кантип добуш берүүдө басым жасалганын көрдүм. Анын үстүнө добуш берип бүткөндөрдүн тырмагына сүртүлүүчү бойок да опоңой эле өчүп калат экен. Мен бир эле кишинин үч жолу добуш бергенин көрдүм. Демек, бул шайлоо мыйзамдын чегинде өткөн жок.

Үч жолу добуш берген кишини Фардин шайлоо уюштуруу комитетинин өкүлү катары токтото албагандыгын айтат. Анткени ал киши утуру чөлкөмгө келгенде жаңы каттоо барагы менен келип жатыптыр. Анын үстүнө, кишинин тырмагында эч кандай сыянын изи да байкалган эмес.

Фардиндин айтымында, шайлоону уюштуруу боюнча биргелешкен комитет келээрки жазда өтүүчү парламенттик шайлоого да даярданып жаткандыктан, анда көп жолу добуш берүүдөн качуу максатында жаңы эрежелерди ойлоп табуу аракетин көрүүдө.

Мисалы, каттоо барагы адам бир жолу добуш бергенден кийин, кайра ага кайтарылып бербеши керек деп жатат. Фардин мунун ордуна киши добуш бергенден чоң, анын каттоо барагы ошол эле шайлоо чөлкөмүндө сакталышы зарылдыгын айтат. Анткени шайлоо бүткөндөн кийин, баардык шайлоо чөлкөмдөрү биригип, бир киши кайсыл жерде добуш бергени жана канча жолу шайлоого катышканы белгилүү болуп калат.

Кабул университетинин башка студенттери Фардин айткан шайлоо чөлкөмдөрүндөгү басым тууралуу маалыматка кошулушпайт. Алардын бири, 20 жаштагы Фахира узун көйнөк менен бийик такалуу бут кийим кийет жана түрдүү косметика колдонуп жүрөт. Ал шайлоо чөлкөмдөрүндө адамдарга басым көрсөтүү, балким, айыл-кыштактарда болушу мүмкүн дейт, бирок Кабулда андай болушу мүмкүн эмес:

- Биз парламенттик шайлоого жетиштүү деңгээлде даярдык көрүп жатабыз. Президенттик шайлоодо эч кандай проблемалар болгон жок. Биз бул добуш берүүдө көп нерсени үйрөндүк.

25 жаштагы Халил Кабулда тамаш-аш саткан дүкөн-машинеде иштейт. Ал Кабулдун батыш тарабындагы Хошал Хан шайлоо чөлкөмүндөгү добуш берүүнү көргөндөн кийин, аны мыйзамсыз деп табуу керектигин, шайлоо кайра өткөрүлүшү зарылдыгын айтты:

- Бул шайлоо эл күткөнчөлүк акыйкат өткөн жок. Мен чөлкөмдө бир аялдын элди президенттикке талапкер Хажи Мохаммед Мохакыкка добуш берүүгө үндөп жатканын көрдүм. Кийин дагы бир аял убактылуу президент Хамид Карзайга добуш берүүгө чакырып жатканын көрдүм. Ал элге Мохакыктын өкүлүн укпагыла деп кыйкырып жатты. Бул шайлоо биз үчүн өтө маанилүү шайлоо болду, анткени биз өз президентибизди тандашыбыз керек эле, бирок анда көз бойомочулук көп кездешти. Менимче, парламенттик шайлоо деле ушундай эле өтөт. Биз бактылуу эмеспиз, - дейт Халил.

Ал эми 25 жаштагы Мохаммед Иза Кабулдун түндүгүндөгү Шакардара деген райондо фермер болуп жан багат. 1990-жылдары ал жер согушчан фракциялардын кагылышы астында калып турган. Талибдер Шакардаранын тургундарынын жүзүм бактарын такыр өрттөп жиберишкен. Анткени алар ооган шарап өндүрүшүн токтотууну самашкан. Ал жерлердеги жүзүм бактар эми гана кайра башын көтөрүп, шарап өндүрүшү акырындап бутуна тура баштады.

Мохаммед анын жемиштүү жерин жок кылган согушчандарды айыптады:

- Согушчандар ич-ара согушуп көнүп калышкан. Алар Ооганстанды дүйнөнүн башка мамлекеттериндей тынч жана коопсуз мамлекет болушун каалашпайт. Алар бул жолку шайлоого да тоскоол болууну каалашкан, бирок кудаага шүгүр, баары тынч өттү. Эл ачык жана эркин добуш бере алды. Эч ким эч кимди кайсыл бир талапкерге добуш берүүгө үндөгөнүн байкабадым. Менимче, ооганстандыктардын көпчүлүгү Карзайга добушун берди. Ошол эле учурда бир адам бир канча ирет добуш берген болушу мүмкүн эмес деп ойлойм.

Амина апа - 60 жаштагы кемпир. Бир көзү көрбөй калган. Паранжа кийинген Амина апа үч кызы менен бирге Кабулдун чыгышындагы Лагман вилоятында добуш бергенин айтат:

- Мен өзүм жактырган адамга добушумду бердим. Эч ким мени кимдир бирөөгө добуш бер деп айткан жок. Мендей аялдар толтура. Мен бир чети таң калдым. Бул шайлоо, чынында эле, мыйзам чегинде өттү. Биз Ооганстанга тынчтыкты каалайбыз. Андыктан, шайлоо өткөндүгүнө бактылуубуз.

Ооган жеринде өткөн президенттик шайлоо тууралуу калктын пикири ушундай болду. Ал эми шайлоодо кетирилген болушу мүмкүн делген катачылыктар Бириккен улуттар уюму менен Ооганстан ортосундагы биргелешкен шайлоо комитети тарабынан изилденүүдө.

XS
SM
MD
LG