Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:41

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЧЕТ ЭЛДИКТЕР КООПСУЗДУГУНА ТЫНЧСЫЗДАНЫШПАЙТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек АКШнын мамлекеттик департаменти өз атуулдарына Кыргызстанда террордук аракеттер болушу мүмкүндүгүн өткөн айда эскерткен. Бирок Бишкекте жашаган америкалыктар жана айрым байкоочулар анчалык деле кооптонгонго негиз жок дешет. Ал эми Америка өкмөтү Өзбекстан ислам кыймылын жер жүзүндөгү коркунучтуу террордук топтордун тизмесине кошту.

АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин чечими менен Өзбекстан ислам кыймылы кайрадан Американын «кара тизмесине» кирди. Чет мамлекеттердеги террордук топтордун тизмесине бул уюмдун киргизилиши Борбор Азия регионунда террор коркунучу күчүндө дегендикке жатат. Мындай тизмени Америка бийлиги эки жылда бир жаңыртат.

Демек, Өзбекстан ислам кыймылы менен америкалыктарга алака кылганга, материалдык колдоо жасаганга болбойт. Ал эми бул уюмга тиешеси бар адамдарга АКШга кирип-чыкканга уруксат жок.

Ошентип бул тизмеге эки жыл катары менен кыргызстандыктардын тынчын алган бул уюмдун кайрадан кириши бул уюм дале коркунучтуу экенинен кабар берет. Мындай коркунучту өз жону менен сезген Баткенде акыбал кандай? Дубандын губернатору Аскарбек Шадиев учурда коркунуч жок деген ойдо:

- Тажикистанда Орусиянын армиясы турат. Ооганстанда болсо кырдаал тынчып, демократиялык жараян жүрүп жатат. Баткенде болсо тоолорду кар баскан, чегара болсо кайтарууда. Андыктан мен Баткенде гана эмес, Кыргызстан боюнча эч кандай коркунуч жок деп айта алам.

АКШ өкмөтү болсо өз атуулдарына Кыргызстанда террордук чабуул ыктымалдыгын эскерткен. Ал эми Өзбекстандагы быйылкы жардыруулар чет элдиктерди ого бетер чочутуп койгону түшүнүктүү. Бирок Кыргызстандагы чет элдиктерде бул жаатта кооптонуу барбы? Лондондон келген Кэтрин буларды айтты:

- Жекшембиде мен "Фэтбойс" кафесинде болдум - бир нече жолугушууларым бар болчу. Ал жерде жана университетте да бул жөнүндө көп сөздөр айтылып жатты. Америка мамлекеттик департаменти эскертүү жасаган экен. Мага бул өңдүү сезим Лондондо жүргөндө эле тааныш болчу. Ирландия террордук тобу тарабынан жардыруулар болот деген кооптонуу бар эле. Андыктан мени бул өңдүү эскертүү чочуткан жок. Кыргызстандагы эл абдан меймандос болгондуктан өзүмдү жайлуу сезем. Боло турган нерсе эч нерсеге карабай эле болсо болот.

Ал эми Америкадан келип, бул жакта волонтерлук иште жүргөн Томас эч кандай коркунучту сезген жокмун дейт:

- Жок, эч кандай. Мен Кыргызстанда эч бир коркунучту сезгеним жок.

Ал эми австриалиялык Лиана дагы кооптонбогонун билдирди:

- Эгер мен бир нерседен чочуласам, анда коопсуздук сакчыларын алып же башка да чараларды көрмөкмүн. Бирок мен андай кылган жокмун. Мен Кыргызстанда эч бир коркунучту сезгеним жок.

Америка өкмөтү мындай эскертүүнү жылыга бир жолу жасайт. Бул тууралуу ушул аптада АКШнын элчиси Стивен Янг журналисттерге өз пикирин билдирген. Элчинин айтымында, Өзбекстандагы жардыруулардан кийин өз атуулдарына алдын ала эскертүү жасоо АКШ бийлигинин парзы болуп саналат.

Ал эми минтип жыл сайын коңгуроо какканында саясат жатат деген да ойлор бар. Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Керимбековдун айтымында, өзүнчө саясат бар деген ойдо. Анын пикиринде, жылыга кырдаалды коркунучтуу көрсөткөнүндө АКШ бийлигинин өз кызыкчылыгы катылышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG