Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:32

ООГАНСТАНДА ДОБУШТАРДЫ ЭСЕПТӨӨ БАШТАЛДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Дээрлик бир аптага созулган тыныгуудан кийин Ооганстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын эсептөө иши башталды. Бирок жума күнү Рамазан айынын алгачкы күнүндө иш кайрадан токтотулду. Азырынча 26 миң бюллетень эсептелди. Анын жыйынтыгы боюнча убактылуу президент Хамид Карзай 59% добуш менен алдыда келатат. Бирок дагы 8 млн. шайлоо барактары эсепке алына элек.

Шайлоонун жыйынтыктарын эсептөө боюнча Ооганстандын ар кайсыл облустарында жайгашкан 8 борбордун бири да жума күнү иштеген жок. Анткени ооган жеринде бул күнү ыйык Рамазан айынын келиши белгиленип жатат. Бул күндү көптөгөн ооганстандыктар өзгөчө маанайда тосуп алышты.

-Былтыркы Рамазан менен быйылкысы ортосунда чоң айырма бар. Анткени көптөгөн ооганстандыктар өз үйлөрүнө кайтып, жеке иштерин башташты. Анын үстүнө биз өзүбүздүн президентибизди аныктоо үчүн шайлоону да өткөрүп алдык, - дейт Кабулдун тургуну Гулам Фарук.

Бириккен улуттар уюму жана Ооганстан ортосунда шайлоону уюштуруу боюнча түзүлгөн биргелешкен комитеттин катчысы Фарук Вардак шайлоо бюллетендерин эсептөө иши бейшембиде башталганын айтты:

- Ооган эли жана дүйнөлүк коомчулук көптөн күткөн убакыт келди. Добуштарды эсептей баштадык.

Бюллетендерди эсептөө иши ырасмий түрдө сегиз борбордун үчөөсүндө гана: Кабулда, Кундузда жана Кандагар областарында башталды. Ал эми бейшембинин түнүндө түндүктөгү Мазари–Шариф жана түштүк-чыгыштагы Гардез шаарлары да бул ишке кирише башташты.

Хамид Карзай Ооганстандын эл тарабынан тандалган алгачкы президенти болуп калаары күтүлүүдө. Ал шайлоонун биринчи айлампасында жеңишке жетиши үчүн добуштардын жарымынан көбүн топтошу керек. Канткен менен, шайлоонун ырасмий жыйынтыктары 30-октябрга чейин айтылбай калышы да мүмкүн.

Шайлоону уюштуруу боюнча биргелешкен комитеттин өкүлдөрү эгерде биринчи айлампада жеңүүчү аныкталбаса, анда добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктарын жарыялоону 6-ноябрга чейин жылдырууга туура келээрин айтышты. Мунун өзү экинчи айлампаны 20-ноябрда өткөрүүнү шарттамак.

Анткени Ооганстандын шайлоо боюнча мыйзамынын негизинде, анын экинчи айлампасы биринчи айлампанын ырасмий жыйынтыктары белгилүү болгондон эки жумадан кийин өткөрүлөт.

Реж Остин – аталган комитеттин башкы техникалык кеңешчиси. Ал билдиргендей, добуштарды эсептөө ишине эларалык уюмдар астейдил көз салып турушат:

- Бюллетендерди ооганстандыктардан турган топ эсептейт. Өлкө боюнча алардын саны миңдей кишини түзөт. Мындан сырткары, ишти текшерүүчү атайын эларалык топ бар. Бул – эсептөө ишиндеги өтө маанилүү элемент. Анткени жаңжалдуу доорду баштан кечирген өлкөдө ишенбөөчүлүктүн деңгээли жогору .

Остиндин айтымында, каттоодон өткөндөрдүн 75% же 8 миллионго жакын адам добушун берди. Ошондой эле өлкө боюнча иштеген 21 миң шайлоо чөлкөмдөрүнүн 95% бюллетендерди регионалдык борборлорго өткөрүп беришти.

Ошол эле учурда, шайлоодо кетирилиши мүмкүн болгон катачылыктарды изилдөө иши да жүрүп жатат. Бир канча эксперттерден турган топтун жетекчиси Крейг Йеннес бейшембиде президенттикке талапкерлердин айрымдары менен көрүшүп, алардын өтүнүчү менен башталган иликтөө иши өтө кылдат өткөрүлүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG