Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

ДҮЙШӨМБҮ САММИТИ БОЛОТ. КЫЗМАТТАШУУ ӨНҮГӨБҮ?


17-октябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин саммити башталат. Ага Кыргызстандан президент Аскар Акаев жетектеген делегация катышат.

Кыргыз өкмөттүнөн алынган маалыматка караганда, вице премьер министр Базарбай Мамбетов 14-октябрдан тарта Тажикстанда. Ал өз коллегалары менен 17-октябрда баштала турган саммитке даярдык көрүүдө.

Россиянын “Коммерсант” гезитинин маалыматы боюнча, Борбор Азия кызматташуу уюмунун кезектеги саммити 5-октябрга белгиленген эле. Бирок Россия менен Тажикстандын ортосунда кол коюла турган келишимдер даяр болбой калгандыктан, президент Владимир Путиндин Дүйшөмбүгө келбеши айкын болгон. Ошого байланыштуу уюмга мүчө Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин президенттери саммиттти кечирээк мөөнөткө которууну тажик президенттине сунушташкан.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Тажикстандагы саммитте Россиянын Борбор Азия кызматташуу уюмуна кошулуусу тууралуу келишимге кол коюулушу белгиленүүдө. Андан сырткары саммитте 2004-жылдын май айында Астана жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, регионалдык коопсуздук жана Ооганстан менен кызматташуу маселесин талкуулашат.

Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев Кыргызстан Ооганстан менен кызматташуу маселеси тууралуу буларды билдирди:

- Кыргызстан электр энергетика тармагында кызматташууну сунуштап жатат. Биз Ооганстандын энергетикага муктаждыгын билебиз. Эгерде бул маселени чечүүгө Россия, башка өлкөлөр киришсе - ал сооданы эле өстүрбөй, коопсуздукту чыңдоого жардам берет. Анткени мына ушуну менен биз Ооганстанда тынчтык орношуна салым кошобуз.

Анын айтымында, Россиянын уюмга кириши уюмдун салмагын арттырат. Ошондуктан Кыргызстан Россиянын кошулушун колдойт.
Борбор Азия кызматташуу уюму 1994-жылы түптөлө баштаган. Андан бери ал бир катар өзгөрүүлөргө дуушар болду. 1998-жылы Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан аны Борбор Азия экономикалык кызматташуу уюму деп атап алышкан. Бирок 2002-жылы азыркы аталышын алган. Быйылкы жылдын май айындагы Астанадагы саммитте Россия уюмга байкоочу катары катышкан. Мына эми Дүйшөмбү шаарындагы саммитте Москванын толук кандуу мүчө катары кабыл алынышы күтүлүүдө.

Россиянын бул уюмга кириши уюмдун ишинде сапаттык өзгөрүүнү пайда кылабы деген суроо менен өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри, “Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидери Муратбек Иманалиевге кайрылды эле. Анын жообу мындай болду:

- Өзгөрүү болбойт. Бир да өзгөрүү болбойт. Россия бешинчи мүчө болуп кирет. Анан жарым жылда, бир жылда чогулушат. Кайра эле баягыдай калат.

Анын айтымында, Борбор Азия кызматташуу уюму буга чейин эле президенттер клубу катары кабылданып келген жана ошол мүнөзүн өзгөртпөйт. Анын айтымында:

- Азыркы президенттер бийликте турганда Борбор Азия өлкөлөрү бириге албайт. Биринчиден, президенттердин амбициялары күчтүү, экинчиден, Казакстандан башка өлкөлөрдүн экономикасы начар. Алга жылыш жок. Бирок ушундай абалда жолугушуп туруу да пайдалуу.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG