Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

КАВКАЗ: ЖИКЧИЛИКТИН ТАМЫРЫ ЖАНА БҮГҮНКҮ УЧУРУ


Эми Кавказ элдеринин турмушуна арналган түрмөктүн кезектеги чыгарылышына назар салыңыздар. Кавказдагы жикчиликтин тамыры – аймактагы элдердин пост-советтик доордогу турмушуна эмес, андан алда канча мурдагы тарыхый баскычтарына таандык экенин өткөндө учкай баяндаган элек. Совет доорундагы, асыресе Иосиф Сталин өкүм жүргүзгөн учурдагы саясий окуялар аймактагы улуттардын өз ара саясатына терең из калтырган. Азыр да Кавказдагы айрым саясий топтор үчүн жикчилик мүдөөсү күн тартибиндеги маселе бойдон кала берүүдө.

1994-жылы декабрда Орусиянын президенти Борис Ельцин Чеченстанга аскер киргизип, жикчил аймакты кайрадан Орусиянын борбордошкон бийлигине кошуу үчүн алгачкы чечен согушун баштаган. Бул согуш 1996-жылы убактылуу тынчтык келишими менен аяктаган, бирок үч жылдан соң Кремл экинчи чечен согушун ачты.

Азыркыга чейин аягы тыйылбаган бул кандуу жаңжалдын айынан аймакта он миңдеген карапайым кишилердин өмүрү кыйылды. Нечен миңдеген орус жокерлеринин ата-энелери кара кагаз алышты. Ал эми орун-очогунан качып, бозгунчулуктун азабын тартып жаткандар канча!

Орус бийлиги чечендердин бир бөлүгү колдогон жикчилик идеясын айыптап келет. Ал эми жалпы Кавказ аймагынын тарыхын назарда тутсак, чечендерге чейин эле өз аймагынын көз каранды эместиги үчүн баш көтөргөн калктар болгонун эскерте кетүү эп.

1988-жылы июн айында Тоолуу Карабак аймагынын басымдуу көпчүлүгүн түзгөн армяндар бул аймакты Азербайжандан бөлүп, Арменияга кошуу талабы менен чыгышкан. Алардын көтөрүлүшү Азербайжан-Армения согушуна алып келди.

Бул жаңжалдын натыйжасында Тоолуу Карабак Бакуга де-факто баш ийбей калды. КМШ өлкөлөрүнүн, алардын ичинде Кыргызстандын арачылыгы менен 1994-жылы убактылуу тынчтык келишимине кол коюлду, бирок алигиче Тоолуу Карабак түйүнү чечилбеген бойдон кала берүүдө.

Ал эми 1990-жылдардын башында Грузиянын улутчул спикери жана андан соң президенти болгон Звиад Гамсахурдиа Совет доорунда расмий Тбилисиге баш ийип келген Абхазия жана Түштүк Осетия аймактарынан иш жүзүндө айрылып калды.

Айрым грузин саясатчылары Абхазия менен Түштүк Осетиядагы окуялардын жоопкерчилигин Кремлден гана көргүсү келет. Бирок бул аймактардагы жикчилик кыймылды Орусиянын бөлүп-жаруу саясатынын мөмөсү катары карап чектелүү туура эмес деген пикирлер да бар.

Ошондой пикирди туткандардын бири – Чикаго университетинин профессору Роналд Григор Сюни (Ronald Grigor Suny). Бул профессор Абхазиянын түпкү калкы – абхаздар - өз атажуртунун Тбилисиге баш ийбеген доору да тарыхта болгонун эч унутпагандыгын баса белгилейт:

- 1930-жылдардын башына чейин Абхазия советтик федерациядагы башкаларга теңата жумурият болгон. Андан кийин ал акырындап өзүнүн мурдагы макамынан айрылган. Абхазия 1930-жылдардын ичинде Грузиянын көзөмөлүнө өттү да, аймакта грузиндештирүү деп айтса болчудай саясат жүргүзүлдү.


Ал эми Түндүк Кавказга кайрылсак, жергиликтүү калктын арасындагы жикчилик кыймылы 1990-жылдары чет өлкөлүк радикал исламдык топтордун жергиликтүү элди жикчиликке шыкактоосу менен коштолгонун көрөбүз.

1800-1850-жылдары деле түндүк кавказдык элдердин көз каранды эместик үчүн күрөшү диний мүнөздү алган, бирок ал учурдан айырмаланып, 1990-жылдардагы жикчилик кыймылына сырткаркы радикал исламчылардын таасири олуттуу болду.
Кавказ саясаты боюнча адис, Парижде Саясат таануу институтунда сабак берген Торнике Гордадзе (Thornike Gordadze) мырза бул жаңы диний таасир тууралуу мындай дейт:

-Бул жаңы диний реформалык кыймыл өзгөчө ашынган радикалдардын азганактай тобунан турат. Алар аймактагы салттык исламдык агымдан жана улуу муундардан кол үзгөнү менен айырмаланат. Бул жаңы топтордун оюнча, аймакта тарыхый калыптанган этностук түзүлүш сырткаркы күчтөр тарабынан гана мажбурлоо жолу менен киргизилген көрүнүш катары жоюлушу керек.


Гордадзе мырзанын оюнча, экономикалык оор кырдаал, ныгырган жакырчылык жана социалдык теңсиздик сыяктуу жагдайлар исламчы радикалдык уюмдар үчүн жагымдуу кыртыш түзүп берди. Буга карабастан, радикал ислам Кавказ аймагында кеңири колдоого ээ боло албайт:

-Жалпысынан, «ваххабийлик» же «салафийлик» деп аталып жүргөн саясий исламдык агым азыр деле азганактай гана топтун кыймылы бойдон кала берүүдө. Кыймыл бүткүл Түндүк Кавказга өзүн таңуулоого кудуретсиз.


Бирок, дейт ал, ошого карабастан, ваххабийлик кыймыл жашап жатканын да танууга болбойт. Канчалык чечен согушу улантылган сайын, ошончолук бул радикалдык исламдык агым өз тамырын жая бериши ыктымал, дейт Гордадзе.

Кавказ турмушун иликтеген адистердин оюнча, Түндүк жана Түштүк Кавказдагы элдердин жикчил кыймылын жалаң гана дин менен байланыштыруу туура эмес. Буга мисал катары алар дини жагынан мусулмандардан да, христиандардан да турган, бирок улуттук биримдиги диний өзгөчөлүктөрүнөн күчтүүрөөк болуп, өз жеринин Тбилисиден көз каранды эместигин биринчи орунга коюп жаткан абхаздарды эске алышат.

1991-жылы Беловеж токоюна чогулуп, Советтер Биримдигинен чыгып кетүү укугунан пайдаланган үч чыгыш славян мамлекет башчысы ошол кездеги СССРдин президенти Михаил Горбачевдун өкмөтүнө карата жикчил саясат жүргүзүшкөн. Звиад Гамсахурдиа да 1991-жылы 9-апрелде Грузиянын Советтер Биримдигинен көз каранды эместигин жарыялаган чакта, Тбилисиде Маскөөгө карата жикчилик саясат туура деп эсептелген.

Эми кавказдык чакан элдердин күчтүүрөөк коңшуларынан бөлүнүп чыгуу саясатын бир тараптуу айыптап чектелбестен, Кремл да, Тбилиси да, Баку да жикчил аймактар менен андагы чакан элдердин кызыкчылыктарын эске ала тургандай саясий сүйлөшүү нугун табуусу абзел, - дешет эл аралык адистер. Бирок жикчилердин өз таламынан кайтышы – тез арада жана оңой-олтоң жүзөгө ашырылчу кадам эмес экендиги да анык.

Тектеш

XS
SM
MD
LG