Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

ФАЛЛУЖАГА СОККУ УРУЛУУДА


АКШнын авиациясы менен танктары Ирактын Фаллужа шаарында козголоңчулардын турумдарына сокку уруусун улантууда. Козголоңчулар да ок менен жооп берип жатышат. Сунни козголоңчуларынын борборуна айланган бул калаа азыр америкалык, ирактык аскерлердин курчоосунда. Мурдараак Ирактын утурумдук өкмөтү теги иорданиялык согушкер Абу Мусаб ал-Заркави жана анын адамдары түгөл өткөрүлүп берилбесе, Фаллужага ири чабуул жасаларын эскерткен. Өкмөт согушкерлерди кармап берүү чакырыгы менен шаар тургундарына бүгүн да кайрылды.

Келерки жылдын январь айына белгиленген шайлоо алдында Ирактын өкмөтү козголоңчулардын колунда турган жерлердин баарына көзөмөл орнотууну көздөөдө. Ушул айдын башында америкалык, ирактык аскерлер Самарра шаарын козголоңчулардан тазалаган эле. Рамади деген шаарда болсо козголоңчулар менен кагылыштар дээрлик күн сайын орун алууда. Ал эми башкалаа Багдаддан 50 чакырымча батыш тарапта жайгашкан азыр курчоодо турган Фаллужа шаары да сунни козголоңчуларынын негизги чептеринин бири катары эсептелет.

АКШ теги боюнча иорданиялык жана Усама бин – Ладендин "ал-Каида" уюму менен тыгыз алакасы бар деп саналган согушкер Абу Мусаб ал-Заркавини Иракта диний араздашууну жана атуулдук согушту тутандырууну көздөгөн кол салуулар менен жардырууларды ишке ашырып жатканы, чет элдиктерди барымтага алып, алардын айрымдарын өлтүргөнү үчүн айыптап жүрөт.

Ал-Заркавинин "Таухид жана Жихад" деп аталган тобу барымта окуялары менен кол салуулардын айрымдары үчүн жоопкер экенин өзү да жашырган эмес. Фаллужа шаары болсо ошол ал–Заркавинин жана анын адамдарынын таяныч бекети деп саналат.

Мурдараак Ияд Аллавинин утурумдук өкмөтү эгер жергиликтүү коомчулук ал-Заркавинин өзүн кошуп анын адамдарын түгөл өткөрүп бербесе, шаарга ири чабуул жасаларын эскерткен. Өткөн бейшембиде Багдадда болгон басма сөз жыйында Ирактын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кассим Дауд Фаллужага багытталган аракеттерди мындайча мүнөздөдү:

-Фаллужанын адамдары өкмөткө тартып жаткан азаптарын, көйгөйлөрүн айтып келишүүдө. Алар террорчулардан жапа чегүүдө. Андыктан биз буга "сүйлөшүүлөр" деген аныктама бере албайбыз. Бирок бул ат алардын көйгөйлөрүн, өз көйгөйлөрүн өкмөткө айтуусун чагылдырууда.


Америкалык аскерий учактардын ишемби күнкү соккусунан, жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, жөн-жай үч адам мерт болгон. "Рейттер" агенттиги, маселен, бомбалоонун айынан каза тапкан үч жашар кыздын сөөгүн оператору ооруканадан тартып алган тасманы таратты.

АКШ командачылыгынын билдиргенине караганда, ишемби күнкү авиачабуул учурунда ал-Заркавинин адамдары Фаллужанын Жолан деген районунда мыйзамсыз орнотуп алышкан көзөмөл бекети бутага алынган жана бул - алардын маанилүү таяныч бекеттеринен болгон.

Ошондой эле америкалык командачылык Кувейттин "КУНА" жаңылыктар агенттигинин операциялардын учурунда ал-Заркави жана анын тогуз согушкери туткундалды деген маалыматтын төгүндөдү.

Мунун аралыгында ишембиде Багдадда америкалык эки тик учак кыйрап, натыйжада эки жоокер каза тапкан. Ошондой эле христиандардын беш чиркөөсү жардырылып, имараттарга олуттуу зыян келгени менен эч ким жабыр тарткан жок.

Айтор Иракта Саддам Хусеиндин режими кулашынын мурасы болгон сунни козголоңчулары басылган күндө да, өкмөттүн андан аркы милдети - сунниттерди саясий жараянга аралаштыруу, шайлоого катыштыруу. Бирок бул багытта күмөн туудурган жагдайлар, суниттер жеңилүү ызасын артка калтыра алабы же кайрадан биригип өкмөткө каршы чыкпайбы деген суроолор жок эмес. Сунни саясатчылары өз жамааттарын шайлоого катышууга ынандырууга убакыт аз деп кооптонушат.

Ирактын Ислам партиясынын лидерлеринин бири Аяд Самаррайдын айтымында, суниттер басымдуулукту түзгөн Фаллужа, Самарра, Мосул, Бакуба өңдүүү шаарларда бир канча аскерий операциялар өткөрүлдү жана алардын жашоочуларында өкмөткө карата ишеним жок.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG