Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

БЕЛАРУСТА РЕФЕРЕНДУМ ӨТҮП ЖАТАТ


Беларустар бүгүн президент Лукашенконун үчүнчү мөөнөт үчүн ат салышуу мүмкүнчүлүгү боюнча добуш берип жатышат. Референдум менен кошо Улуттук жыйын же парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо өтүүдө. АКШ менен Евробиримдик бул добуш берүү демократиялык стандарттарга дал келбейт деген күмөн саноолорун күн мурунтан эле айтып чыгышкан эле.

"Европанын акыркы диктатору" деп атыкккан 50 жаштагы Александр Лукашенко алгачкы ирет мамлекет башчылыкка 1994-жылы шайланган. Андан бери өлкөдө оппозиция, эркин маалымат каражаттары катуу кысымга алынууда. Президенттин агрессивдүү риторикасы Европа менен гана эмес, Минскинин жападан жалгыз жакын шериги Москва менен да алакаларына көлөкө түшүрүп келатат.

Бүгүнкү референдумга "Лукашенко үчүнчү ирет президенттикке ат салыша алабы?" деген суроо коюлган. Конституция боюнча бул кызматты бир эле киши эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.

Андан тышкары беларустар өкүлдөр палатасына депутаттарды шайлоого тийиш. Оппозиция бүгүнкү таймашка жакшылап даярданып, шайлоого көп сандаган кандидаттарын көрсөткөн эле. Борбордук шайлоо комиссиясы дээрлик күн сайын оппозициянын талапкерлерин күрөштөн четтете баштаган. Маселен, жума күнү "Биргелешкен жарандык" партиянын өкүлү Марина Богданович президентке жалаа жапты деген шылтоо менен шайлоого катыштырылбай калды. “Лукашенко утулуп калам деп абдан чочулап жатат”, - деп ырастайт Богданович.

Борбор шаардын тургуну Михаил Рубин ал добуш берейин деген эки талапкер тең ат салышуудан четтетилгенин айтат:

-Мен референдумга каршы добуш бердим. Менимче, Конституцияга улам кол сала бергенде болбойт. Парламенттик шайлоодо болсо Сенкевич менен Волчик деген талапкерлер катыштырылбай калгандыктан, мен оппозициянын башка өкүлү Владимир Колосту тандадым.

Гэллап уюмунун ай башында өткөргөн сурамжылоосуна ылайык изилдөөгө тартылган 1 миңдей беларустардын 41,5 пайызы гана азыркы президентке колдоосун билдирген.

Жергиликтүү оппозиция, батыш өлкөлөрү бул добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоого кеңири жол берилет деген камтамачылыгын билдирип келишти.
Президент Лукашенко мындай тынчсызданууга негиз жок деп билдирди:

-Мен 10 жылдан бери иштеп келатам, 10 жылдан бери Батыш журналисттери Беларустагы абалга камтама болуп келатасыңар. Кичине эс алып, бурмалоо, мыйзам бузуулар жөнүндөгү сөздөрүңөрдү токтотууга убакыт келди.

Жума, 15-октябрда АКШ мамдепартаментинин өкүлү Ричард Баучер референдум калыс жана эркин болбойт деп айтууга шектенүүлөр пайда болуп жатканын айткан:

-Кошмо Штаттары жана Европа биримдиги Беларус бийлигин шайлоо, референдумдарды өткөрүүдө эл аралык стандарттарга таянууга үндөп келатат.
Тилекке каршы, өткөн добуш берүүлөр одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп келди. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун отчётуна караганда, азыркы өнөктүк дагы таза өтпөйт өңдөнөт
.

Өкмөт болсо оппозиция шайлоодон кийинки сурап билүүлөрдү ырасмий жыйынтыктарды талашуу үчүн пайдалант деген кинесин тагууда. “Советская Беларуссия” гезити, атүгүл, ошондой сурамжылоону “массалык кыргын салуучу курал” деп атады.

Президентчил тарап добуш берүү алдындагы кампаниясын Батышка каршы үгүткө арнап, “Батыштын кийлигишүүсүн, терроризм менен бейстабилдүүлүктү каалабасаң, өкмөттү колдо!” деген чакырыктарды жасап келди.

XS
SM
MD
LG