АКШнын эң таасирдүү гезити кечээ АКШ президенти Жорж Буштун чуулгандуу бийлигинен кийин, 2-ноябрдагы президенттик шайлоодо Демократиялык партиянын талапкерин колдоону чечкендигин жазды. Гезит Бушту Ирак согушу, салыктарды кыскартуу чечими жана мартабалуу мамлекеттик кызматтарга кайчы пикирди жараткан адамдарды бекиткенин сынга алды.