Энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү этабы боюнча өкмөт менен оппозиция келишкис эки ача пикирде экиндиги белгилүү. Өкмөт менчиктештирүүнү жактаса, экинчи тарап ага каршы чыгып келатат. Октябрь айынын башынан бери бул маселе Мыйзам чыгаруу жыйынынын көңүл борборунда болуп, аны жыйындын күн тартибине киргизүү боюнча үч жолку добуш берүү максатына жеткен эмес.
Дүйшөмбүдө Мыйзам чыгаруу жыйынына премьер-министр Николай Танаев баш болгон министрлер, губернаторлор толук курамы менен кайрадан келгенде энергетика маселеси бул күнү да каралары айкын болуп калды. Ал эми жыйындын отун-энергетика боюнча комитетинин төрагасы Тайырбек Сарпашев тармакты менчиктештирүүнү күн тартибине киргизүүнү сунуштап, кайра-кайра сөзгө чыга баштады.
Төрага Абдыганы Эркебаев адегенде жума күнү талкууланып бүтпөй калган 2004-2006-жылдары мамлекеттик мүлктү менчитештирүү боюнча программаны аягына чыгарууну сунуштагандан соң, ал маселени талкуулоо башталды. Депутаттар Акылбек Жапаров, Алишер Сабиров программаны жактаса, Бейшебек Акунов, Эркин Бөлөкбаев каршы чыкты. Буга чейин борборчулдук позицияны карманып келген депутат Ташболот Балтабаев бул ирет менчиктештирүү программасын кескин сынга алды:
-Урматуу министр Жээнбеков айтып жатат, ушул мүлктү менчиктештирип берсек мамлекетке 400 миллион сом түшөт деп. Мендеги маалымат боюнча бул жерде катачылык көп. Ушул программага кирген “Айданфармага” мамлекет эсебинен 1 миллиард сомдон ашык каражат сарпталбады беле? Кайсы министрлик анан 400 миллион сом гана алабыз деп турат? Менчиктештирүү боюнча так маалымат болмоюнча программа четке кагылсын.
Бирок талкуунун жыйынтыгында мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин үч жылдык менчиктештирүү программасы биринчи окууда кабыл алынды. Эми комитет депутаттар сунушун эске алуу менен программаны экинчи окууга даярдап, алып келүүгө тийиш.
Бул маселе аягына чыгаар замат Тайырбек Сарпашев энергетика маселесин күн тартибине киргизүүнү сунуштады:
-Бул нерсени баары бир карашыбыз керек. Бул баарыбызга белгилүү. Зарыл нерсе. Ал эми талкууга келгенде ар ким өзүнүн позициясын коргоп алсын. Ошондуктан урматтуу төрага, комитет атынан сунуш кылам, өкмөттөн түшкөн сунушту добушка коюшуңузду өтүнөм.
Ага депутат Азимбек Бекназаров каршы чыкты:
-Урматтуу Сарпашев үч жолу чыкты. Эми өткөндө эле чекит койдук эле. Ар нерсенин чеги болот да. Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, Тайырбек Сарпашев, бул маселе үч жолу добушка коюлуп өткөн эмес. Эми башка маселелерди карай бербейлиби? Мына жакында президенттин кайрылуусу болот экен. Ошондон кийин кээ бир депутаттардын көз карашы өзгөрөөр. Ошондон кийин деле сатканга убакыт болот.
Бирок төрага Абдыганы Эркебаев маселени шейшембиде кароону добуш берүүгө койгондо макул деп 37 депутат добуш берди. Ошону менен энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү этабы тууралуу маселе 19-октябрда каралмак болду. Бул программага ылайык өкмөт “Түндүкэлектрону” концессияга берип, “Кыргызгазды” менчиктештирүүнү көздөп жатат.