Беларус Республикасынын Борборшайлоокомунун төрайымы Лидия Ермошина дүйшөмбү күнү шайлоо өткөнүн жарыя кылды:
- Ошентип, референдум өттү. Конституция талап кылгандай Беларус Республикасынын элинин көпчүлүгү Беларус Республикасынын Конституциясынын 81-беренесин өзгөртүү үчүн добуш беришти.
Ермошинанын сөзүнчө, добуш берүүгө шайлоого жарамдуу адамдардын 89 пайызы катышты. Бул деген президент Александр Лукашенко үчүнчү мөөнөткө да бийликте калса болот дегенди билдирет. Алгачкы ирет 1994-жылы президент болуп шайланган Лукашенко эки жылдан кийин азыркыдай эле референдум өткөрүп, бийлик укугун кеңейтип алган.
Өтө кадыр-барктуу Гэллоп институту референдум алдында 38 миңдей адамдын арасында жүргүзгөн сурамжылоого таянып, шайлоочулардын 48 пайызы гана добуш берүүгө катышаарын билдирген. Референдумга чынында эле шайлоочулардын 48 проценти катышса, Беларустун мыйзамына ылайык ал “өтпөдү” деп табылмак.
Беларустун мурдакы мамлекет башчысы Станислав Шушкевич оппозициянын өкүлдөрү сыяктуу эле "шайлоо калыс өткөн жок" деп эсептейт. Экс-спикерге бүгүн телефон аркылуу кайрылганымда:
- Жалган эсептөөлөр аябай көп болгондуктан, шайлоо болду деп айтуу жарабайт. Эң өкүнүчтүүсү, Россия жана КМШнын баары "жакшы болду" деп ырастап жатканы.
Шушкевич андан ары сөзүн улап:
- Биздин билишибизче, шайлоо округдарынын ишин көзөмөлдөп турган бир-эки кишиден турган жашыруун комиссия болду. Жыйынтыгында алар берген сандар жарыя кылынды.
Беларус парламентинин мурдакы төрагасы Шушкевич айткандай эле, Россия Лукашенконун президенттик үчүнчү мөөнөтүнө жол ачкан референдумду “мыйзам чегинде өттү” деп коргоого алды. Ал эмес КМШнын аткомунун төрагасы Владимир Рушайло шериктештин байкоочуларынын атынан Батыш өлкөлөрүн саясый өнөктүккө “ашыкча көп кийлигишти” деп күнөөлөдү:
- КМШнын байкоочулары республикадагы референдум эбегейсиз тышкы кысым астында өткөнүн белгилей кетүүнү зарыл деп санайт. Беларустагы референдумдун жыйынтыгы чыкпай жатып, ал тууралуу Европа уюмдары менен АКШнын айрым ырасмий адамдары жасаган өтө катаал билдирүүлөр, бир беткей комментарийлер, осол баалар, дүйнө коомчулугунда жана эларалык байкоочуларда референдум жөнүндө жаман пикирди жаратууну көздөдү.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму - ЕККУ дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө Белорустагы шайлоо уюмдун “демократиялык шайлоолор жөнүндөгү талабына ылайык” өтпөгөнүн белгиледи. Добуш берүүгө ЕККУнун 300дөй байкоочусу көз салып турган.
ЕККУ менен АКШ буга чейин ырасмий Минскини маалымат каражаттарын катуу көзөмөлдөөгө алганы үчүн сындаган.
Минскилик ишкер Андрей Фисенко телефон аркылуу берген интервьюсунда телевизордон жалаң өкмөтчүл гана талапкерлер көрсөтүлүп, оппозицияга сөз берилбегенин тастыктады:
- Мен өз көргөнүмдү айтайын. Оппозициянын өкүлдөрү телевидениеде эч көрсөтүлбөдү.
18-октябрдагы шайлоодон бир жума илгери Белорус бийликтери тогуз эркин гезитти жаап, оппозициячыл маанайдагы 40 чакты талапкерди түрдүү жалаа менен саясый өнөктүккө катыштырбай койгон.
Шайлоо учурунда көз карандысыз журналисттер түрдүү зобундарга кабылышты. Александр Лукашенкону сындаган китептин авторлорунун бири, Россиянын ОРТ–1 телеканалынын кабарчысы Павел Шереметке жекшемби күнү эки адам кол салып, ооруканага жаткырылды.
Беларуста келерки президенттик шайлоо 2006-жылы болот.