Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:56

НАТО МЕНЕН КЫРГЫЗСТАН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ЖАҢЫ ПРОГРАММАЛАРДЫН АЛКАГЫНДА ЧЫҢДАЙТ


19-октябрда Түндүк атлантика альянсынын – НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер Кыргызстандын президенти Аскар Акаев баштаган мамлекет башчылары менен Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрдү. Ал кездешүүлөрдүн жүрүшүндө НАТО менен Кыргызстандын мындан аркы мамилеси тууралуу сөз болду. Буга чейин НАТО Кыргызстан менен «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасынын алкагында кызматташып келген. Баш катчы Схеффердин айтымында, эми уюм дагы бир катар жаңы программалардын алкагында мамилени чыңдоого ниеттенип жатат.

Яап де Хооп Схеффердин Түндүк атлантика альянсынын – НАТОнун баш катчысы катары Кыргызстанга биринчи ирет келиши. Схеффер буга чейин Нидерланддардын тышкы иштер министри болуп туруп, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун убактылуу төрагалык кызматын аркалаган учурда да Бишкекке келип кеткен.

НАТОнун баш катчысы бул жолу Кыргызстандын бийлигине жаңы программалардын алкагында кызматташтыкты чыңдоо сунушун киргизди. Ал программанын бири – «Террорчулукка каршы күрөштө өнөктөштүк аракеттеринин планы» деп аталат. Парламенттин кош палатасынын төрагалары менен жолуккан учурда Схеффер террорчулукка каршы күрөштө күчтү бириктирип гана ийгиликке жетүүгө мүмкүн деген ойду айтты:

- Менин оюмча, бул план кызматташтыктын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Анткени террорчулукка каршы күрөшкө НАТОго мүчө мамлекеттер эле эмес, Орусия менен Кыргызстан дагы катуу кызыкдар.

Схеффер бул оюн Кыргызстандын президенти Аскар Акаев менен жолугушуудан кийин журналисттерге берген интервьюсу учурунда андан ары тереңдетип, «биздин кызматташтыкты алмаштыра турган эч нерсе жок» деди:

- Анткени биздин алдыбызда биргелешип гана күрөшүү жемишин бере турган террорчулук, маңзаттарга каршы күрөшүү жана жаралбай калган мамлекеттердин проблемалары сыяктуу жалпы коркучтар бар. Биз ал проблемаларды жалгыздап чече албайбыз, биригип гана күрөшүү оң натыйжаларды берет.

Схеффер менен Акаевдин жолугушуусу учурунда Кыргызстан менен уюм мындан ары НАТОнун PARP деп аталган программасынын алкагында кызматташа баштаары талкууга алынды. PARP программасы анализ жана пландоо иштерин камтыйт. Президент Аскар Акаевдин айтымында, эми анын аркасы менен Кыргызстан өзүнүн чегараларын чыңдоо үчүн НАТОдон жардам алууга мүмкүнчүлүк алмакчы:

- Биз НАТО менен анын PARP программасынын алкагында чегараны чыңдоону жана чегарада көзөмөлдү күчөтүүнү көздөп жатабыз. Анын жардамы менен биз маңзаттарга каршы күрөшөбүз.

Аскар Акаевдин бул оюн улап Схеффер НАТОго Кыргызстандан эмне керек экенин билдирди.

Жалпыга жакшы маалым – НАТО үчүн Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташуу Ооганстандагы абалды турукташтырып, чөлкөмдө тынчтыкты жана бейкуттукту орнотуу болуп эсептелет. Ооганстанда 9-октябрда бул өлкөнүн тарыхында биринчи жолу президенттик шайлоо өттү жана НАТОнун жетекчилиги менен Ооганстанда коопсуздукту сактоо боюнча эларалык күчтөр анын тынч өтүшүн камсыз кылгандыгы белгилүү. Схеффер Кыргызстанга бул эларалык күчтөрдү Ганси авиабазасы аркылуу колдоп бергени үчүн ыраазычылык билдирди:

- Ооганстан - НАТОнун артыкчылык берген аймагы жана мындан ары да болуп кала берет. Анткени биз ал жерде саясий жараяндарды жана туруктуулукту сактоо өтө маанилүү деп эсептейбиз. Ийгиликтүү өткөрүлгөн президенттик шайлоо учурунда гана эмес, эми туруктуулук - жазында өтүүчү парламенттик шайлоо убагында да өтө керек. Бул маселеде Кыргызстан Ооган жергесинин жана жалпы аймактын туруктуулугун сактоодо өтө маанилүү рол ойнойт деп ойлойм.

Баш катчы Ооганстанда кырдаалды жакшыртып, Борбор Азиянын коопсуздугун сактоо үчүн НАТОго Кыргызстан өзүнүн автожолун пайдаланууга бериши керектигин айтты. Президент Аскар Акаевдин айтымында, НАТО менен Кыргызстандын ортосунда бул багытта жаңы келишимдин долбоору даярдалып, ага кол коюлмакчы:

- Биз баш катчы менен коммуникациялык байланыштарыбызды чыңдоого шарт түзүүчү жаңы келишимдин долбоорун даярдап, ага кол коюуну макулдаштык. Ал келишим Борбор Азия аймагындагы мамлекеттердин ортосундагы каттамдарды жана байланыштарды күчөтөт.

Президент Акаев НАТОну жана анын баш катчысын Ооганстандагы абалды жакшыртып, ийгиликтүү шайлоо өткөргөнү үчүн алкоого алып өттү. Яап де Хооп Схеффер дагы Кыргызстандын жетекчилигине антитеррордук коалициянын күчтөрүнө «Манас» аба майданын берип, жардам көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

НАТОнун баш катчысынын Кыргызстандагы иш сапары ушул эле 19-октябрда аяктады.

Сүрөттө: пресс-конференциядан бир көз ирмем.

Фото автордуку.

XS
SM
MD
LG