Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫ ТАЛАШТА


19-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйынындагы оппозициялык маанайдагы депутаттар энергетика тармагын менчиктештирүү маселесин кароону үзгүлтүккө учуратты. Бирок төрага Абдыганы Эркебаев маселе бейшемби күнү каралаарын жарыялады.

“Түндүкэлектро” акционердик коомун концессияга берүү жана “Кыргызгазды” менчиктештирүү маселеси 19-октябрда каралары дүйшөмбү күнү чечилген. Андай чечим Мыйзам чыгаруу жыйынынын отун-энергетика боюнча комитетинин төрагасы Тайырбек Сарпашевдин демилгеси жана өкмөттүн сунушу менен кабыл алынган. Тармакты мамлекеттин колунан жеке менчикке өткөрүп берүү Эларалык каржы уюмдары менен түзүлгөн келишимдерде, программаларда камтылган.

Бирок оппозиция өкүлдөрүнүн шашылыш менчиктештирүүгө каршы өз жүйөөсү болууда. Бул тууралуу шейшембиде Азимбек Бекназаров мындайча билдирди:

-Энергетика тармагы банкрот болду деп атышат. Ким ага жол берди? Ошолорду карап, угуп туруп, андан кийин маселени талкуулайлы деп сунуштап атабыз. Николай Танаев ким банкротко учуратканын айткан жок бизге. Ошол банкротко жеткирген кишилер концессияга алганы турат. Эч нерсени билбей туруп, биринин артынан бири банкрот, биринин артынан бири сатылып, биринин артынан бири жок болуп атат. Биз дагы деле ушундай боло берсин деген саясатка каршы болуп атабыз.

Ал эми маселенин бүгүнкү талкуусуна келсек төрага Абдыганы Эркебаев эртең менен каттоону жүргүзгөндө эле кворумдун жоктугу айкын болду. Ага удаа эле 15 депутаттын кайрылуусу жарыяланды. Аны депутат Исмаил Исаков окуп берди. Кайрылууда энергетика тармагы арзыбаган баага сатылса жалпы баалар көтөрүлөөрү эскертилген.

Бир катар депутаттар 15 депутатты ишти улантууга чакырды. Депутат Айдарбек Керимкулов:

-Эгерде чын эле ушундай бир позицияңар болсо анда өкмөттү, адисттерди угалы. Андан кийин силердин позицияңарды угалы. Анан ошого карап биз добуш беребиз. А силер ага жеткирбей эле бойкот жарыялап жатпайсыңарбы.

Бирок бул чакырык менен оппозициячыл депутаттар кайрылып келген жок. Депутат Акбөкөн Таштанбеков болсо премьер-министр Николай Танаевге кайрылды:

-Азыр бир нече депутаттар оппозицияны айыпташты. Төрт жыл ашык убактан бери оппозиция мындай маселелерде добуш бербей келатат. Маселе аларда эмес. Кол койгондор 15 эле. Урматтуу премьер-министр, сизден бирдемке суранып, анан добушум берем деп убада кылган 40 депутат бар. Маселе ошолордо. Демек алардын келишин камсыздоо зарыл.

Мындай чакырык жана сөздөрдөн натыйжа чыкпагандыктан төрага Абдыганы Эркебаев жарым саатка тыныгуу жарыялады. Бирок андан кийин да кворум болгон жок. Төрага Эркебаев абалды мындайча баалады:

-Азыр саясий күрөш жүрүп атат. Биз мындай күрөшкө биринчи жолу эмес төрт жыл алты айдын ичинде төртүнчү жолу туш болуп атабыз. Маселен, кыргыз-кытай чегарасы боюнча да, Аксы окуясы боюнча да өтө кызуу талаш-тартыштар болгон. Булардын баары табыйгый нерсе. Мунун эч кандай эрөөн-төрөөнү жок.

Шейшембиде кворумдун болбошу айкын болгондон кийин маселе бейшемби күнү караларын төрага жарыялады. Ал талкууну мамлекеттик телерадиокомпания аркылуу чагылдырылышын камсыздоо премьер-министр Николай Танаевге жүктөлдү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG