Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:54

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ОРУСИЯ КЫЛМЫШТУУ ТОПТОРГО КАРШЫ БИРГЕ КҮРӨШӨТ


Азиза Турдуева, Бишкек 19-октябрда Бишкекте Кыргызстан менен Орусия Федерациясынын ички иштер министрликтеринин жетекчилигинин катышуусунда оперативдүү кеңешме өттү. Анда эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин ортосундагы 2005-2006-жылдардагы кызматташуусу жөнүндөгү протоколго кол коюлду.

Эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин оперативдүү кеңешмесине Орусиянын ички иштер министри Рашид Нургалиев, аталган министрликтин алдындагы Федералдык миграция кызматынын башчысы Михаил Тюркин, кылмышкердерди издөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Владимир Гордиенко, уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Николай Овчинников жана башка жооптуу кызматкерлер катышты.

Кыргызстан тараптан ички иштер министри Бакирдин Субанбеков жана министрликтин башка жетекчилери катышты.

Жыйындын башында Орусиянын ички иштер министри Рашид Нургалиев:

-Биздин жумушчу сапарыбыз бүгүнкү күндө эларалык террористтик уюмдар тарабынан көрсөтүлүп жаткан коркунучтар биргелешкен иш-чараларды жүргүзүүгө муктаж экенибизге байланыштуу болуп жатат. Менин пикиримде терроризмге жана маңзаттар контрабасына каршы күрөшүү - бул КМШнын бардык өлкөлөрүн, алардын ичинде Орусия менен Кыргызстанды да тынчсыздандырган олуттуу маселеден болуп эсептелет.

Рашид Нургалиев ошону менен бирге ушул жылдын август айында Кыргызстандын ички иштер органдарынын кызматкерлери Түндүк Кавказ регионундагы мыйзамсыз куралдуу топтордун мүчөлөрү деп шектелген 4 адамды кармап бергени үчүн аларга ыраазычылыгын билдирди.

Бул багытта мындан ары да биргелешкен иш-чараларды жакшыртуу керек деген пикирин айтты. Орусиянын ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2003-жылдан бери Орусиянын аймагында Кыргызстандын 73 атуулу маңзат менен кармалган.

Кыргызстандын ички иштер министри Бакирдин Субанбеков да терроризмге, уюшулган кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүүнүн зырылдыгын белгиледи:

-Азыр эларалык терроризм дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө коркунуч туудуруп жатат. Ага каршы биз биргелешип гана күрөш жүргүзүшүбүз керек. Эгерде бул күрөш басаңдаса, кылмыштуулук да күчөй берет. Мындай кеңешмелер, протоколдорго кол койуулар сөссүз түрдө өзүнүн натыйжасын берет деп ишенем.

Жыйындын күн тартибинде Орусиянын жана Кыргызстандын ички иштер министрликтеринин эларалык терроризмге жана уюшулган кылмыштуулукка, маңзаттар контрабандасына каршы биргелешип күрөшүү, Орусия менен Кыргызстандын ортосунда миграция саясатын жөнгө салуу боюнча биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү, министрликтердин экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарга каршы күрөшүү багытында кызматташуу миаселелери талкууланды.

Кеңешменин соңунда Рашид Нургалиев менен Бакирдин Субанбеков эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин ортосундагы 2004-2006-жылдардагы кызматташуу жөнүндөгү протоколго кол коюшту. Анда министрликтердин ортосунда террористтик, экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарга бөгөт койуу, уюшулган кылмыштуу топторду кармоо, экономика, интеллектуалдык менчик, жогорку технологиялар тармактарындагы кылмыштарга, маңзаттар контрабандасына каршы биргелешип күрөшүү багыттарында кызматташуу каралган.

Протоколдо ошондой эле эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда оперативдүү маалымат алмашуу иштерин жакшыртуу каралган. Мында министрликтердин алдындагы илимий мекемелер менен билим берүү окуу жайларынын ортосундагы кызматташуулар, кадрлардын тажрыйба алмашуулары, оперативдүү издөө иштерин жүргүзүүдө министрликтер ортосунда керектүү техникалык жабдуулар менен бири-бирин камсыздоо жана башка алакалар каралган.

20-октябрда Орусиянын ички иштер министрлигинин жетекчилиги Ысыккөл облусунда болушуп, дубандагы бир катар райондордун ички иштер органдарынын иши менен жакындан таанышат. Алар ошондой эле Кыргызстандын ички иштер министрлигине караштуу Чолпон-Ата шаарындагы бир катар пансионаттарда болушат. Анткени кол коюлган протоколдо эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин кызматкерлеринин эс алууну уюштуруусу жана спорт тармактарында да кызматташуусу каралган.

Мурдагы Советтер Союзу ыдырагандан кийин 1992-жылы алгачкы жолу Орусия менен Кыргызстандын ички иштер министрликтеринин ортосунда кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга, андан соң 2002-жылы министрликтердин 2002-2004-жылдардагы өз ара кызматташуусу жөнүндөгү протоколго кол коюлган.

XS
SM
MD
LG