Эл өкүлдөр жыйынынын комитетинде каралган маселелердин дээрлик баары чырлуу болду. Биринчи маселе боюнча Бишкекте административдик-маданий-ишкерлик борборду куруу боюнча премьер-министр Николай Танаев маалымат берүүгө чакырылса - ал келбей калды. Муну комитет мүчөлөрү өкмөт тарабынан парламентти сыйлабоочулук катары баалады. Комитеттин төрагасы Жаныш Рустанбековдун айтымында, парламент борборду курууга каршы эмес, бирок аны курууда мыйзамдардын сакталышын көздөп жатат. "Бирок бул жаатында кемчиликтер арбын", деди Рустанбеков.
Комитет мүчөлөрү "эгерде долбоор боюнча маалымат берилбесе кийинки жумада баштала турган сессияда өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин алып чыгуу зарыл", деген пикирге келишти.
“Кыргызтелекомдун” мамлекетке тиешелүү 51% акциясын сатуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков маалымат берди:
-Биз азырынча “Кыргызтелекомду” сата элекпиз. Ал боюнча сүйлөшүүлөр токтотулду. Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын июль айындагы токтомунун мыйзамдуулугун тактоо үчүн юстиция министрлигине жана башка тийиштүү органдарга кайрылдык.
Маалым болгондой “Кыргызтелекомдун” 51% акциясына 16 миллион 200 миң доллар берүү менен тендерде германиялык Arextech DETEcon утуп алганы сентябрь айында жарыяланган. Бирок тендердин экинчи этабы аяктай элек. Ал эми Эл өкүлдөр жыйыны болсо тендер өткөрүүдө мыйзам бузууларга жол берилген деп, сатууну токтото турууну сунуштаган токтомду июль айында кабыл алган.
Комитет жыйынында бул чаташкан маселени иликтөө Башкы прокуратурага тапшырылды.
Андан соң комитетте кышка даярдык көрүү маселеси каралды. Жыйында айтылганга караганда бул өнөктүк солгун жүрүүдө. Тактап айтканда,“Узтрансгаз” менен 2004-2005-жылга газ сатып алуу боюнча келишим түзүлө элек. Ал эми электр ишканаларынын карыздары болсо өсүүнүн жолунда. Маселен, бөлүштүрүүчү компаниялардын алган электр энергиясы үчүн карызы 1-августка карай 2 миллиард 198 миллион сомдон ашып, өткөн жылга салыштырмалуу 41% өскөн. Ал эми Бишкек мэриясы борбордогу ТЕЦти оңдоого зарыл болгон каражаттын 32% гана бөлгөн.
Комитет жыйынында “Кыргызэнерго” акционердик коомун менчиктештирүүнүн төртүнчү этабы тууралуу маселе да каралды. Анда тармакты менчиктештирүүнүн алгачкы үч этабы канааттандырарлык эмес деп табылып, коммерциялык жоготуулардын жана карыздардын өсүшүнө башкаруунун начардыгы себеп болду деп айтылды.
Комитетте ошондой эле энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү этабы тууралуу маселени сессияда кароону токтото туруу, ал эми өкмөткө бөлүштүргүч компаниялардын финансылык абалы боюнча отчётту даярдоо жана өкмөт жыйынында менчиктештирүүнүн төртүнчү этабы боюнча макулдашуу комиссиясы менен биргеликте бирдиктүү планды иштеп чыгуу сунушталды.