Талкууда айтылгандай коомчулукта АКШ-Ирак мамилеси жөнүндө туура маалыматтын таңсыктыгынан калыс түшүнүк калыптанбаганы белгилүү болду. Талкууга катышкан бейөкмөт, коомдук, укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн көз карашы боюнча туура эмес жүргүзүлгөн саясаттын айынан бейкүнөө адамдар өлүмгө учуроодо.
Зарипа Пратова өңдүү айрым жарандар Ирак бийлигинин массалык кыргын салуучу куралдар жөнүндө Бириккен улуттар уюмунун коопсуздук кеңешинин суроосуна оң жооп бербей койгону согушка алып келгенин боолголошту:
-Ирактын да бир проблемасы бар болгон да. Ал ошол БУУнун резалюцияларын колдогон эмес, жооп берген эмес,-деди Зарипа Пратова.
«Террорчулукка каршы күрөштү ал чыга электе баштоо керек болчу»- деп эсептейт, жумушсуз жүргөн Дөөлөт Топчубаев:
-Атайын кызматтар иштеп, маалыматтар жакшы болсо, эскертип, терроризм боло электе эле алдын алыш керек эле.
Студент Марс Сатымкуловдун ою боюнча бийликтегилер эл талабын тыңшап, каалаганын аткарганда гана террорчулук болбойт:
-Бийликтегилер элди карашы керек. Террористтер деле элден чыккан адамдар.
Экинчи бир студент Эрлан Нышанов АКШлык жана коалициялык күчтөрдүн аскерлерин чыгарып, Ирак элине өз мамлекетин кайра курууга мүмкүндүк берүү сунушун билдирди:
-Өз ой-максатына коюп, өзүнүн жашоосун оңдоп коюп, анан Американын куралдык күчтөрү чыгып кетиши керек.
Областык бийликтин коргонуу, коопсуздук жана укук коргоо маселеси боюнча бөлүм башчысы Кадыр Бечеловдун ою боюнча ар бир мамлекеттин саясатына ошо өлкөнүн атуулдары баа берүүгө тийиш:
- Далилдемейинче бул, же тигил террорист деп айтууга мүмкүн эмес.