Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

КАТТАН ЧЫККАН ЧЫР


Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун ушул жылдын 13-июлдагы өкүмү менен Кыргыз улуттук телерадиокорпорациянын баяндамачылары Бейшенбек Бекешов менен Бөкөнбай Боркеевге купуя сырды жарыя кылгандыгы үчүн эң аз айлык акынын элүү өлчөмүндө айыппул салынып, бирок иш мунапыска туш келгендиктен алар чектелген жазадан бошотулган. Шаардык сот өкүмдү күчүндө калтырган. 20-октябрда сот өкүмүнө нааразы болгон тележурналисттер маалымат жыйынын чакырып, чатак иштин чоо-жайын айтып беришти.

Улуттук телерадиокорпорациянын баяндамачысы Бөкөнбай Боркеевдин гезитке жарыяланган сын макаласына КТРдин биринчи вице-президенти Молдосейит Мамбетакунов «Жаңылыкты дайым эле туура түшүнүү болгон эмес» деген темада жооп жазган. Бөкөнбай Боркеев кийинки макаласында Молдосейит Мамбетакуновдун Жылдыз Муслимовага жазган катынын текстин «Аалам» гезити аркылуу жарыя кылат. Анда: «Жылдыз, "Бейшенбек экөөң" иштен бошодуң деген жерде "Бейшенбекти" алып койчу. Анан "карөзөгөй" деген сөздү карап көр», деген сөз жазылган.

Купуя сырды жарыя кылды деген айып мына ушул каттан чыгат. Бишкектин Ленин райондук прокуратурасы М.Мамбетакуновдун арызынын негизинде ушул жылдын 30-апрелинде Улуттук телерадионун белгилүү эки журналистине каршы кылмыш ишин ачкан. Ленин райондук соту 13-июлдагы өкүмү менен Бөкөнбай Боркеев менен Бейшенбек Бекешовду айыптуу деп таап, аларга минималдуу айлык акынын 50 өлчөмүндө айыппул төлөөнү милдеттендирип, иш мунапыска туш келгендиктен чектелген жазадан бошотулган. Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында Улуттук телерадиокорпорациянын баяндамачысы Бейшенбек Бекешов иштин чоо-жайын момундайча түшүндүрдү:

-Мынабул катты жарыялап койду деп М.Мамбетакунов бизди прокуратурага берет. Прокуратура бир жуманын ичинде ишти иликтеп бизге каршы кылмыш ишин ачат. Эки жуманын ичинде бүткөрүп сотко берип салат. Сот болсо эзип-эзип отуруп аягында силер күнөөлүү экенсиңер деп мына мындай тыянак чыгарат. Биз жанагинтип анын жасап аткан иштерин чукуп прокуратурага берсек, прокуратура турган фактыны изилдебейт. Мына - эки жарым ай кармап отуруп жанагындай өлөсөлүү чечим чыгарат. «М.Мамбетакуновдун күнөөсү бар экен, кылмыш кылыптыр, бирок ал мунапыска туш келгендиктен биз ага каршы кылмыш ишин ача албайбыз», деген жооп берет,- деп билдирди Бейшенбек Бекешов.

Анын кесиптеши, белгилүү журналист Бөкөнбай Боркеев басма сөз аркылуу айтылган сындарга чычалаган Улуттук телерадиокорпорация жетекчилиги жакшы программаларды жоюп салды деп маалымдады:

- Эми мен минтейин деп атам. Бүгүн мына, акыркы чара, силердин алдыңардан өттүм. Шаардык соттун чечиминен кийин Жогорку сотко арыз беребиз. Бирок Жогорку соттун чечимине чейин, алардын кандай чечим чыгара тургандыгын билем, мен ачкачылык жарыялайм. Ушул катты берип туруп айтам, силерге баарын бердим эле, бир сүйлөм үчүн кесилип кеттим.

Улуттук телерадиокорпорациянын вице-президенти Молдосейит Мамбетакунов "белгилүү эки журналист бирөөгө деп жазылган катты уруксатсыз окуп, жалпыга жарыя кылгандыгы, купуя сырды жайып жибергендиги үчүн соттолушту. Мында сөз эркиндигин кысмактоо жок" деген пикирде:

-Менин коллегаларым Бөкөнбай Боркеев, Бейшенбек Бекешов менен мага айтылган сындары үчүн соттошкон жерим жок. Ал сындарды кандай айтса мен көтөрө берем. Тек гана алардын менин купуя жазган катымды жолдон алып алып, ачып окуп, аны жарыя кылып элге билдиргени үчүн сотко кайрылгам. Ленин районунун соту дагы, шаардык сот дагы, менин оюмча, туура жыйынтык чыгарды. Аларга жаза колдонду. Бул - сөз эркиндигине жатпайт.

Улуттук телерадиокорпорацияда таанымал журналисттер менен жетекчиликтин ортосундагы талаш-тартыштын көбү сот залында чечилип келатат. Токтош Айтикеевадан мурунку президент Аманбек Карыпкулов да кол алдында иштеген белгилүү журналисттерди сотко берип утуп алган.

XS
SM
MD
LG