Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

БЕЛАРУСТУН ЭКС-ЛИДЕРИ СТАНИСЛАВ ШУШКЕВИЧ: “РЕФЕРЕНДУМ КАТУУ КӨЗ БОЁМОЧУЛУК МЕНЕН ӨТТҮ”


Ырасмий маалыматтарга караганда Белорус Республикасында жекшемби күнү өткөн референдумга катышкан шайлоочулардын 77 проценти президенттин бийлик мөөнөтүн узартууну жакташты. Жергиликтүү жана чет элдик байкоочулардын айтымында, добуш берүүнүн натыйжасы азыркы президент Александр Лукашенконун үчүнчү мөөнөткө мамлекетти башкаруусуна “дарбазаны кенен ачты”. Борборшайлоокомдун маалыматы боюнча, саясый өнөктүккө белорус шайлоочуларынын 90 процентке жакыны катышкан. Референдумдун жыйынтыгы жөнүндө шайлоонун эртеси күнү – 18-октябрда Белорустун Лукашенкого чейинки лидери, парламенттин мурдакы төрагасы, азыр оппозициядагы Станислав Шушкевичтин пикирин сурадым. Маектешибиз 1991-94-жылдары Белорус Республикасын жетектеген.

-Станислав Станиславович, шайлоо жана референдум кандай өттү, анын жыйынтыктарына кандай баа бересиз?

-Бизде бар маалымат боюнча көпчүлүк шайлоо участкаларында добуштар саналбады. Биз добуштар саналбаганынан такыр күмөн санабайбыз. Бюллетендер эсептелсе да анын жыйынтыгы башкача, жогорудан түшүрүлгөн планга ылайык жазылды. Анткени, шайлоо округдарынын ишин бир же эки адамдан турган жашыруун комиссия көзөмөлдөп турду деген ишеничтебиз. Ошол адамдар айткан сандар шайлоонун соңунда элге жарыя кылынды. Саясый өнөктүк маалында акылга сыйбас жана таңкалуучу окуялар өтө арбын болду. Жалган эсептөөлөр аябай көп болгондуктан, шайлоо болду деп айтуу жарабайт. Шайлоо болгон жок. Аябагандай чоң көз боёмочулук болду. Мындай фальсификация буга дейре да колдонулган. Эң өкүнүчтүүсү - Россия жана Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештиги – КМШ "баары сонун болду" деп ырастайт. Ошон үчүн күркорсуз байкоочулардын баасын күтө туралы.

-Станислав Станиславович, 18-октябрда өткөн референдум президент Александр Лукашенконун Белорус Республикасын өмүр бою башкаруусуна жол ачты деген да пикирлер айтылууда. Бул сөзгө кошуласызбы?

-Кудай Лукашенкого келерки шайлоого чейин жашагандай өмүр берсин! Ал эмки шайлоого жетпей калат го... Дегенимдин себеби режим азыркыдай зөөкүрлүккө демейде чамасы куруп, шайы ооп турганда барат. Бул диктаторлук режимдерге таандык көрүнүш. Добуш берүүнүн жыйынтыгы өтө катуу бурмаланганы менен, биз кырдаалды билебиз. Кимдин ким экенин көрсөткөн рейтингдердин жыйынтыгы бар колубузда.

Мен сизге бир эле мисалга токтолоюн. Белорус Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдакы төрагасы Грип Вячеслав Ивановичтин рейтинги өтө бийик болуп, алдына башка эч кимди өткөрбөй жаткан. Гриптин рейтинги депутат болом деген башка мен-мен деген талапкерлердикинен 20 эсе жогору эле. Жекшемби күнкү шайлоодо көпчүлүккө белгисиз Гайдукович деген ишкер эң көп добуш алып, жеңди деп жарыяланды. Гайдукович анын рэкетке аралышып жүргөнү коомчулукка ачылып калгандан кийин, партия өзүнөн өзү тарап да кеткен болчу. Бийлик ошол Лукашенкого ылайыктуу партияны калыбына келтирип, анын ишенимдүү жеңишин камсыз кылды. Чын-чынына келгенде, Гайдуковичке ким добуш бергени белгисиз. Екимполдун иликтөөсүндө ноль деген баа алган Гайдукович азыр жеңип чыкты. Башка шайлоо округдарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы да ушуга окшош болгонун көрө жатарбыз.


-Батыштагы эң таанымал "Гэллап" фонду өткөргөн изилдөөгө караганда, Белорус шайлоочуларынын жарымына жакыны же 48 проценти гана референдумга катышмак. Бирок борборшайлооком шайлоочулардын 90 проценти добуш бергенин жарыялады. Муну кандай түшүнүү керек?

-"Гэллап" фонду изилдөөсүн алдын ала добуш берүүгө жана кийинки добуш берүүгө катышуучу адамдар арасында эки бөлүп өткөргөн. Ошол эки изилдөөнүн жыйынтыгы 48 процентти берген. Ал эми бөлүп-бөлүп алганда, алдын ала добуш берүүгө шайлоочулардын 68 проценти, негизи, добуш берүүгө чыккан адамдардын 35 проценти президенттин бийлик мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү референдумга чыгаарын билдиришкен. Дал ушул эки сандын тең ортосун алганда 48,3 процент шайлоочу добуш берүүгө чыкмак. Көрүп турганыңыздай, бул сандар жеңиш үчүн жетпейт. "Гэллап" фонду өз эсептөөсүндө өтө сыпаа методду пайдаланды. Бийликтер добуш саноодо өтө орой жана уятсыз ыкмаларды колдонду.

- Маегиңиз үчүн ырахмат!

Тектеш

XS
SM
MD
LG