Мыйзам чыгаруу жыйынында 20 күндөн бери Энергетика тармагындагы ишканаларды менчиктештирүү маселеси көтөрүлүп келет. Айрым экперттердин иликтөөсүнө караганда өкмөт тарабынан сунуш кылынып жаткан бул маселенин өтүш-өтпөшү парламенттик кризисти жаратышы ыктымал. «Азаттык» радиосунда жаңыдан тушоосу кесилип жаткан «Бетме-бет» аттуу рубрикасында ушул маселе талкууга алынды. Анын алгачкы каармандары - Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров болду.
Кыяс Молдокасымов, Бишкек
Тектеш