Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

"КЫРГЫЗСТАН ЭЛДИК КЫЙМЫЛЫ" КҮЧТӨНДҮ


Мурдагы премьер-министр, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев жетектеген "Кыргызстан элдик кыймылына" Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мисир Ашыркулов, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров баш болгон бир катар саясатчылардын киргендиги 21-октябрда маалым болду.

Бул тууралуу кыймылдын катарындагы “Асаба” кайра жаралуу партиясынын лидери Азимбек Бекназаров билдирди:

-Кыргызстанга белгилүү бир катар саясатчылар биригип аракеттенебиз деп кол коюшту. Алардын ичинде Мисир Ашыркулов, Адахан Мадумаров, Алевтина Проненко, Алишер Абдымомунов, Эркин Бөлөкбаев деген депутаттар бар. Андан сырткары мурунку министрлер Ишенгүл Болжурова, Кулубек Бөкөнбаев жана бир топ саясатчылар кол коюп кошулушту.

Бекназаровдун айтымында, 5-ноябрга белгиленген курултайга чейин дагы бир катар саясий партиялардын, саясатчылардын кыймылга кошулаары күтүлүүдө. Ал эми курултайда кыймылдын структурасы, жобосу жана Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмеси бекитилмекчи.

Азырынча эч бир саясий блокторго кошулбай келаткан “Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидери Муратбек Иманалиев акыркы кездеги биригүүгө байланыштуу мындай пикирин билдирди:

-Бул биригүү абдан жакшы. Биригүү керек деген сөздөр жаз-жай айларында чыккан эле. Эми азыр ал реалдуу жүрүп жатат. Бул жакшы. Биздин партия да Бакиев жетектеген топ менен сүйлөшкөнбүз. Аны ачык айтыш керек. Бирок биз бир нерсени күтүп жатабыз. Алардын программасы, саясий платформасы кандай болот? Ошону күтүп жатабыз.

Муратбек Иманалиевдин айтымында, ал жетектеген партия менен кыймылдын ортосунда принципиалдуу карама-каршылык жок. "Андан тышкары шайлоо алдында биригүү баарына керек", деп белгиледи Муратбек Иманалиев.

Мисир Ашыркулов жана Адахан Мадумаров май айында түзүлгөн “Адилет шайлоо үчүн” атуулдук бирикмесин жетектеп келишкен. Алардын "Кыргызстан элдик кыймылына" өткөндүгүнө байланыштуу бирикменин жетекчилигинде өзгөрүү болушу күтүлүүдө деп билдирди “Адилет шайлоо үчүн” атуулдук бирикмесинин лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев:

-Биз жакында "Адилет шайлоо үчүн" атуулдук бирикменин жыйынын өткөрөбүз. Ошол жерде Ашыркулов менен Мадумаровдун кадамдары тууралуу маалыматты уккубуз келет. Менин оюмча, эки уюмдун жоболору бири-бирине каршы келбейт. Ошондуктан тигил же бул атуул бир нече кыймылда же уюмда болушу мүмкүн. Бирок биздин атуулдук бирикменин башкаруу структурасында өзгөрүүлөр болот деп күтүлүүдө.

Белгилүү болгондой, Өмүрбек Текебаев - кыймылдын лидери Курманбек Бакиевди такай сындап келаткан саясатчылардын бири. Бирок анын пикирлештеринин бири “Арнамыс” партиясынын абактагы лидери Феликс Кулов “МСН” гезитине жакында эле берген маегинде "Кыргызстан элдик конгрессине" кирген “Атамекен”, “Арнамыс”, Социал-демократиялык жана Эл партияларынын ортосунда Бакиев жетектеген кыймыл менен биригүү үчүн зарыл болгон кеңешүүлөр боло электигин, бирок баары биригүү керектигин түшүнүп турушкандыгын жана ал үчүн убакыт гана керектигин билдирген.

22-сентябрда түзүлгөн "Кыргызстан элдик кыймылына" тогуз партия кирген.

Сүрөттө: кыймылдын лидери, экс-премьер-министр Курманбек Бакиев.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG