Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:57

АКАДЕМИК В.В.РАДЛОВ ЖӨНҮНДӨ УЧКАЙ КЕП


Орус адабиятына Василий Васильевич Радлов деген ат менен белгилүү болгон илимпоз 1837-жылдын 5-январында Германиянын Берлин шаарындагы орто чарба полиция комиссарынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Кийин дүйнөгө аты таанылган окумуштуунун анык ысмы – Фридрих-Вильгельм Радлофф.

Ата-энеси баласынын келечеги үчүн албан аракет көрүшүп, аны гимназияга окутушат. Фридрих бала чагынан эле филология илимине кызыгып, эски тилдерди үңүлө жазып окуган. Бирок ал 17 жашында Берлин университетинин философия факультетине тапшырып, классикалык ойчул, философтордун эмгектерин окуп баштайт.

ХIХ кылымдын орто ченинде Германияда калктардын расалык өзгөчөлүгү, тили жана үрп-адатына болгон кызыгуу күчөп, буга байланышкан илим тармактары дүркүрөп өскөн. Мындай өрнөк жаштайынан тилге шыгы бар уланды кайрадан филология илимине тартып, ал ушул багытта билимин улантат.

Болочок академиктин түрк жана монгол тилдүү калктардын тили жана тарыхына болгон кызыгуу билигин жандандырган айтылуу немец тарыхчылары Карл Риттер менен Вильгельм Шотт болушкан. В.В.Радлов алардын лекцияларын угуп, Сибирь аймагында жашаган калктар туурасында маалымат топтогон.

Ал 1858-жылдын жаз айында Йена шаарында «Азия элдерине диндин тийгизген таасири» аттуу доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, илим даражасын алат. Андан көп узабай ал билимин өркүндөтүш үчүн жана илим багытын такташ максатында Россияга көчүп келет. Ал адегенде Петербургка токтоп, 1859-жылы Барнаулга сапар тартат. Академик В.В.Радловдун 1859-жылдан 1871-жылга чейинки Алтайда өткөргөн мезгили илимпоздордун жеке өзү үчүн эмес, дүйнөлүк илим үчүн мааниси зор.

Академиктин тажрыйбасы жана билим чабыты азыркы жаштар үчүн өрнөк болгудай баалуулугу бар. Теги жана алган билими боюнча нукура немец адамы "Опыт словаря түркских наречий", «Образцы народной литературы тюркских племен» сыяктуу фундаменталдык эмгектерди жазган.
XS
SM
MD
LG