Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Жөөт аскерлери 'Хамас' уюмунун дагы бир жетекчисин өлтүрдү


Кечээ күнү кечинде Палестинанын Газа тилкесинде бараткан машинеге Израил аскерлери эки ракета аткандан, анын ичиндеги эки адам курман болду. Алардын бири - "Хамас" уюмунун аскерий канатынын жетекчиси Изеддин ал-Кассамдын орун басары Аднан ал-Гоул болчу.

2003-жылдын сентябрында дагы алар Газа тилкесинде жыйын өткөрүп жатканда жөөттөр аларга ракета аткан, бирок бул эки адам өлбөй калган. Буга чейин Израил "Хамастын" руханий жетекчиси шейх Ахмед Яссин жана кийин анын ордун баскан Абдулазиз ал-Рантисини да ушинтип өлтүргөн.

XS
SM
MD
LG