Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

ДЕПУТАТ ПАРЛАМЕНТТЕ АЙТКАН СӨЗҮ ҮЧҮН СОТТОЛУП АТАТ


22-октябрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны "өкмөттүк саат" өткөрүп, анда Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Таалайбек Саатовдун депутат Арслан Малиевге каршы берген доо арызынын мыйзамдуулугун карады.

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Таалайбек Саатов депутат Арслан Малиевди «адамдык арнамысым менен беделиме доо кетирди» деп, Октябрь райондук сотуна берген жана моралдык зыян үчүн 150 миң сом айыппул сураган.

Соттун арызын сот ушул жылдын 24-сентябрында карап, депутат 25-ноябрга чейин айыппулду төлөсүн деген чечим чыгарган.

Судья Таалайбек Саатов доо арызына Арслан Малиевдин ушул жылдын 26-апрелиндеги отурумда «Манчыркаган соттор пара алып, бирөөлөрдү абактан чыгарып жатат» деген сөзүн негиз кылып алган.

Соттун чечимине жана депутатка каршы иш козголушуна нааразы болгон Арслан Малиев соттун аракетин депутаттын конституциялык укугун бузуу деп баалап, палата төрагасына кат жолдогон. Катты палатанын соттук-укуктук маселелер комитети карап, депутатка каршы граждандык иштин козголушу Конституциянын 56-беренесинин 4-пунктуна карама-каршы келет деген бүтүмгө келип, аны палатанын баа берүүсүнө жөнөткөн.

Комитет чечимин Констутуциянын аталган беренесинде «депутат парламентте айткан сөзү үчүн кылмыш жообуна тартылбайт жана куугунтукка алынбайт» деп жазылган жобого таянып чыгарган.

Комитеттин чечими боюнча маалымат берген депутат Ишенбай Кадырбеков депутаттын соттолушу Кыргызстандын бийлик бутактарынын ортосунда карама-каршылыкты пайда кылып, парламенттин аракетин тушоого алып барчу жаман көрүнүш деп, окуяга саясий баа берүү зарылдыгын билдирди:

- Бул окуя өтө коркунучтуу прецедент. Ошого биз саясий баа беришибиз керек, анткени мындай көрүнүштөрдү токтото турган бир гана саясий күч - парламент.

Депутат Адахан Мадумаров болсо бул сот жараяны менен депутаттарды сот аркылуу куугунтуктоо башталды деп билдирди жана аны Мыйзам чыгаруу жыйынынын энергетика тармагын менчиктештирүүгө макулдук бербей жатканы менен байланыштырды. Окуяны саясий шантаж деп баалады:

-Сот проблемасы энергетика маселеси менен саясий көз караштан эле чыгып отурат. Биз көзүбүздү жалдыратып отуруп эле өкмөттүн айтканын аткара бере турган болсок, мындай балээден кутулабыз. Бул деген - саясий шантаж.

Палата депутаттары Октябрь райондук сотунун төрагасы Кубанбек Кыргызбаевге, Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновго суроо узатышып, депутатты соттоо менен анын конституциялык укугунун бузулган же бузулбагандыгын билүүгө кызыгышты.

Райондук соттун төрагасы Кубанбек Кыргызбаев депутатка каршы берилген арыздын негизинде граждандык иш козголгондугун жана бул «депутат кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылбайт» деп Конституциянын 56-беренесинде жазылган талапка карама-каршы келбесин билдирди. Ал эми Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов сот өзүнүн чечимдери тууралуу түшүндүрмө берүүгө милдеткер эмес деди. Ал соттун чечимдерин талкуулоого эч ким укуксуз экендигин жана палатанын окуяга саясий баа берүүгө укугу жоктугун баса белгиледи:

- Соттук иштер боюнча судьялар эч кимге, эч бир жерде отчёт бербейт. Соттун чечими мыйзамдуу же мыйзамдуу эместигин, Конституцияга ылайык же карама-каршы келээрин жогорку соттук мекеме чечет. Мен силердин окуяга кандай саясий баа берээриңерди билбей турам. Сот саясий орган эмес. Конституция боюнча - сот адилеттигин ишке ашыруучу орган.

Курманбек Осмонов мындан тышкары депутат соттун чечимине нааразы болсо андан жогорку сотторго кайрылууга укуктуу экендигин эскертти.

Анткен менен палата депутаттарынын көпчүлүгү Арслан Малиевдин отурумда элдин өкүлү катары айткан сөзүнө каршы жазага тартылгандыгы парламенттин жалпы аракетин аксатат деп, катуу кыжаланттанышты. Окуя тууралуу маалымат берерден мурун Арслан Малиев башкы трибунага оозун таңып алып чыкты жана "сот бийлиги эл өкүлдөрүн оозун ушинтип жабышын каалап жатат" деп билдирди.

Депутат Асел Мамбеталиева болсо бул ишти палатада талкуулоонун зарылдыгы жоктугун айтты:

-Мен депутат болуп туруп, бирөөнүн үйүнө суу каптатып жибергеним үчүн айыппул төлөбөшүм керекпи? Албетте сот системасынын көйгөйлөрү көп, бирок соттун чечимдерин талкуулап, судьялардын ишин салмактаганга акыбыз жок.

Мамбеталиева баамында 150 миң сом айыппул үчүн палатада талкууланган чатак Арслан Малиевдин шайлоо алдындагы саясий беделин гана көтөрчү окуя.

Мыйзам чыгаруу жыйыны депутаттын иш учурунда айткан сөзү үчүн жоопко тартылгандыгы тууралуу маалыматты чет өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын парламенттерине жөнөтмөк болушту. Бирок чечим боюнча добуш берүү дүйшөмбүгө калды.

XS
SM
MD
LG