Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

ЭНЕРГЕТИКАНЫ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ – ДЕПУТАТТАР ЭКИ ЖААТ


Энергетика менен газ тармагын менчиктештирүү программасы, аны узак мөөнөт ижарага берүү маселеси парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарын эки жаатка бөлүп, бир айдан бери талаш-тартыш. Айрымдар муну келерки шайлоо алдындагы саясий күрөштүн башталышы катары бааласа, бирөөлөрү өкмөт эмнеликтен кирешелүү эки тармакты оор абалга жеткиргенин сыр кылып айтпай атканына нааразы экенин жашырбайт.

Өкмөт тарабынан киргизилген энергетика, газ тармагын менчиктештирүү программасы парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында чоң талашты чакырып, жаатташкан тараптар бир жүйөөгө келе алышпай, экономикалык тема саясий өң-түс алып кетти. Менчиктештирүүдөн мурун кирешелүү тармакты оор абалга кириптер кылгандар эмне үчүн жоопко тартылбайтты алдыга жайган депутат Алымбай Султанов кесиптештерин таланып-тонолгон айыл чарба машиналарын жасоочу Фрунзе заводуна барып көрүүнү сунуш кылган.

- Мен өткөндө айттым: «Эй, жигиттер, жүргүлө мынабул эле Фрунзе заводуна барып көрөлү. Ичине кирели, кыдырып көрөлү. Менчиктештирүүгө чейин завод кандай эле, бүгүн кандай? Буга ким күнөөлүү? Ага ким жооп берет. Балким ушул заводдун кейпин кийип эртең эле «Түндүкэлектр» менен «Кыргызгаз» ушундай болуп калбайбы?»

Энергетиканы менчиктештирүү программасынын парламентте бул ирет шыдыр колдоо таба албай жатышын депутат Махмуд Күчүков шайлоо алдындагы саясий оюн катары сыпаттайт.

- Иш жүрүп атат. Эмне себептен булар каршы болгонун мен түшүнбөй жатам. Саясий оюндар башталды. Мына, жакында шайлоо болот да. Анан ар бир киши өзүн көрсөтүшү керек. Беш жылы бою унчукпай отуруп анан «мен кыйынмын» деген да толуп атат бул жерде.

Дүйшөмбү күнкү палата отуруму башталар алдында депутат Акылбек Жапаров энергетика менен газ тармагын узак мөөнөт ижарага берүү – концессия тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууга чакырды.

- Болгону үч ай калды. Трибунадан, телевизордон көрүнөлү дедик – көрүндүк. Айылга шашып аткан депутаттарга айтып коеюн. Келгиле талкууну баштайлы. Концессия тууралуу мыйзамды колдойбуз-колдобойбуз деп мурдагыдай эле иштеп кете берели.

Адахан Мадумаровдун айтымында, энергетика тармагы менчиктештирилсе электр акысы 1 сом 10 тыйынга чыгат, бул эларалык каржы уюмдарынын өктөм талабы.

-Эгер жеке менчикке өтүп кетсе дүйнөлүк каржы уюмдарынын каттарында койгон талабы бар. Анда пенсионердин үйүбү же мектеп, оорукана болобу, мекеме-ишкана болобу тарифтерди 1 сом 10 тыйынга көтөрүү керек, деген талап туруп атат. Экинчиден, бу концессияга беребиз дегени деле жалган жол. 49 жылга чейин бирөө башкарат экен да, ал кааласа сатып алат экен. Мыйзамда сатып алуучу катары чет өлкөлүк деп гана көрсөтүлүптүр.

Тармакты менчиктештирүүнү колдогон депутат Тайырбек Сарпашев программага каршы чыккандарды бийликти күсөгөндөр дейт.

- Жакындаштырылган диагнозду койсок, бул бийлик үчүн эле күрөш. Бул президенттик үчүн күрөштүн башталышы жана да депутаттыкка күрөшүүнүн кызуу кези. Күрөшкөндө эми мындай да. Бийликти ошол топ талашып атат. Бийликти талашкан топ, алар президенттик такты талашкандар негизинен. Жанагы топ президенттик бийликти талашкандар.

Депутат Бейшебек Акунов кесиптештерин президент А.Акаевдин кайрылуусун чогуу барып угууга чакырды.

- Эгер эртең ошол оюн айтса, бизди ынандырса, биз эки колубузду тең көтөрүп колдоп берели. Эгер болбой калса эртең эле айтышы мүмкүн: «Урматтуу депутаттар, бүгүнкү күндөн баштап келген жагыңарга кете бергиле» деп таратып жибериши да мүмкүн.

Президенттин энергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев менчиктештирүү жарым жолдо токтоп калбай, аягына чыгышы керек деп айтты. Анын ырасташынча:

- Мындан ириде энергетика тармагы андан да электр энергиясынан пайдаланган эл зыян тартат.

XS
SM
MD
LG