Парламенттин алдындагы нааразылык акция эрте менен саат 9да башталды. Анын катышуучулары «Энергетика тармагы менчиктештирилбесин!» «Депутаттар, ойлонуп добуш бергиле!» деген сыяктуу ураандар жазылган плакаттар менен турушту. Кыргызстан патриоттук кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун нааразылык акциянын башкы максаты жөнүндө мындай деди:
- Бүгүнкү нааразылык акциянын башкы максаты: энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы чыгып жаткан мыйзамчы-депутаттарды колдоо. Анткени, палатанын депутаттарынын көпчүлүгү өкмөтчүл депутаттар болуп жатат. Элдин мүдөөсүн укпаган, Үзөңгү Куушту Кытайга өткөрүп берген, президентке чоң укуктарды ыйгарган мындай паралмент таратылышы керек. Биз парламенттин да таратылышын талап кылабыз.
Пикетке катышкан Кыргызстан коммунисттер партиясынын төрайымы Клара Ажибекова өз нааразылыгын төмөнкүдөй билдирди:
- Бул энергетика тармагы Кыргызстандын, кыргыз элинин эң чоң байлыгы болуп эсептелет. Эгерде бул тармак да менчиктештирилсе, анда кыргыз эли биротоло жакыр болуп калат. Бийлик ар кандай ыкмаларды колдонуп, эптеп, бул тармакты менчиктештирүүгө болгон аракетин жумшап жатат. Буга жол берилбеши керек.
«Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясыны төрага орун басары Дөөлөт Нусупов болсо:
- Энергетика тармагы эмне үчүн менчиктештирилп жатат? Бийлик мындан чоң пайданы көрүүгө умтулууда. Биздин бийлик дайыма өзүнүн кызыкчылыгын гана көздөгөн иштерди жасап келгендиги менен белгилүү. Эгерде бул тармак менчиктештирилсе, Кыргызстандын экономикалык абалы азыркыдан да начарлайт. Электр энергиясы үчүн эл карызын төлөй албай жатат дешүүдө. Эл эмне үчүн жөндөмсүз аны төлөөгө? Бул өлкөдө жүргүзүлгөн саясаттын натыйжасы. Мында да күнөө бийликте, жакырданып бара жаткан элде эмес.
Жалалабат облусуна караштуу Тогузторо районунан келген Бакай Аттокуров мындай пикирин билдирди:
- Ушул Нарын суусу кыргыз элинин бактысынга берилген экен. Бирок, элибиз электр энергиясын кымбат баада алып жатпайбы! Көз акысы деген болот да. Ал эми чет өлкөлүк кампанияларга сатылса, анда анын баасы андан бетер жогорулайт. Менин пикиримде, энергетика тармагы эч кандай шарттарда менчиктештирилбеши керек.
Ал эми президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жанузаков пикетке чыгууга эч кандай негиз жок деген оюн айтты:
- Бул тармактагы маселени адистер гана чечиши керек. Алар бул маселелерди жакшы түшүнүшөт. Ар бир маселени талкуулоодо адегенде аны жакшы түшүнүү керек. Түшүнбөй туруп эле, минтип, пикеттерге чыга берүү болбойт.
«Акыл, эс, рух, ыйман» коомунун төрагасы Дүйшөн Абдылдаев энергетика тармагын менчиктештирүү эл аралык каржы уюмдарынын айтуусу боюнча жасалууда деген пикирин айтты:
- Кыргыз бийлиги азыр эл аралык каржы уюмдардын гана айткандыгы боюнча экономика тармагындагы реформаларын жүргүзүп жатат. Эмне үчүн алар өлкөнүн, элдин кызыкчылыгын ойлобой жатышат? Эл аралык каржы уюмдарынын да түпкү максаттары белгилүү эмеспи. Бийлик мындай оюндарды токтотушу керек.
Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары бул пикетке карата ар кандай көз караштарын билдиришти. Жыйындын депутаты Өмүрбек Текебаев бүгүнкү пикеттин мааниси жөнүндө:
- Бүгүнкү пикет абдан маанилүү окуя болду. Анткени, аз да болсо, атуулдар өкмөттүн жүргүзүп жаткан саясатына карата өз мамилесин билдирди. Эгерде мындай нааразылык акцияларга атуулдар көбүрөөк катышып, мындай акциялар башка жерлдерде да болсо, анда өкмөт бир аз ойлоноор эле. Андан мурда, кайра парламенттик шайлоого катышам деген депутаттар ойлонушат эле.
Ал эми палатанын депутаты Темир Сариев пикетчилер энергетика тармагындагы маселени жакшы тушунбөй жатышкандыгын белгиледи:
- Эми бүгүн пикетке чыккан атуулдар маселе эмнеде болуп жаткандыгын жакшы түшүнбөй жатышат. Анткени, аларга туура маалымат жетпей жатат. Буга биринчиден, өкмөттүк маалымат каражаттары күнөлүү. Алар бул багытта иш жүргүзүүгө тийиш эле , - деди Темир Сариев.