Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

БАКУБАДАГЫ КЫРГЫНДЫН ЧОО-ЖАЙЫ


«Ал-Кайида» Ирактагы «Жихад үчүн» деген уюм 50 чакты ирактык жоокердин көзүн тазалагандыгын мойнуна алды. Ал-Заркавинин тобу ислам веб баракчасы аркылуу тараткан билдирүүсүндө ишемби күнкү массалык кыргын үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Талдоочулар болсо козголоңчулар жергиликтүү аскер, полициячыларга кол салуулары менен убактылуу өкмөттүн абройуна шек келтирүүнү көздөп жатышат дешүүдө.

Ирак полициясынын маалыматына ылайык, соңку машыгуудан үйлөрүнө кайтып бараткан жоокерлер Дийала вилайетиндеги Бакуба шаарынын жанында буктурмага кабылышкан. Ишемби күнү кечинде Улуттук гвардиянын болочок мүчөлөрү түшүп бараткан 3 микроавтобус текшерүү пункту деген шылтоо менен токтотулуп, баштарына атып өлтүрүлгөн. Катары менен тизилип жаткан өлүктөр кечээ эртең менен табылган.

Ошол эле күнү Улуттук гвардиянын өкүлү, полковник Яссим ал-Саади кабарчыларага буларды билдирген эле:

- Өткөн түнү саат 10до Мандали шаарынын полиция департаментине жана бизге Бадра Казиньядагы массалык кыргын жөнүндө маалымат түштү. Окуя болгон жерге биргелешкен күзөт жиберилип, 36 кишинин сөөгү жана өрттөлгөн автомашиналар табылды.

Бул массалык өлтүрүүнүн жакшы уюштурулушу, козголоңчулар аскерлердин маршруту жөнүндө маалымат менен алдын ала камсыздалган деп болжолдоого негиз берди.

Дээрлик күн сайын Иракта оккупациялык күчтөр менен кызматташкан жергилкитүү тургундарга ар кандай кол салуулар катталып келатат.
Ошол эле ишембиде Багдаддын жанында америкалык аскерлер жергиликтүү тартип коргоо күчтөрүн машыктырган базада болгон жардыруудан 18 полициячы набыт кеткен.

Соңку карасанатайлык үчүн жоопкерчиликти белгилүү согушкер, Усама бин Ладендин жакын кишилеринин бири Ал-Заркавинин тобу өзүнө алды.

Талдоочулар козголоңчулар үчүн коалиция күчтөрүнө караганда ирактыктар оңтойлуу бута экенин белгилешет:

- Балким, жаңыдан кызматка алынып жаткан ирактык аскерлердин өздөрүн жакшылап коргоого жөндөмү жетишсиздир. Алар чалгынчылар үчүн да жакшы бута болуп берет деп ойлойм, - дейт Лондондогу стратегиялык изилдөөлөр институтунун кызматкери Филипп Митчел.

Дүйшөмбүдө “Уолл Стриит Жорнэл” басылмасы Ирактын жаңы түзүлгөн коопсуздук күчтөрүнүн 1 жарым миңдей аскери согушкерлердин колунан каза тапканын жазып чыкты.
Салыштыра кестек, согуш башталган 2003-жылдын март айынан бери америкалык армиянын жоготуулары 1 миң 100гө жакын аскерди түздү.

Башка бир талдоочулардын ырастоосунда, стратегиялык жактан алганда, адабатчылар Ирактын Улуттук гвардиясы менен полицияны түзүү аракеттерин кечеңдедип, утурумдук өкмөттүн абройуна шек келтирүүнү көздөп жатышат. Аны менен жоочулар январга белгиленген жалпы улуттук шайлоону үзгүлтүккө учураткысы бар.

Айтмакчы, кээ бир булактарга караганда, азыр Ирактагы козголоңчулардын саны америкалык чалгындоо кызматтары маалымдаган 2-7 миң кишиден эки эсе көп.

Соңку окуяга байланыштуу Ирактын коргоо министри Хазим ал-Шаалан күнөлүүлөр табылса, алар өлүм жазасына тартылат деп ишендирди.

XS
SM
MD
LG