2005-жылы Кыргызстанда парламенттик, президенттик шайлоолор өткөрүлөөрүн эске алганда, мындай саясий окуяда тигил же бул саясий топтун жеңишке жетишине өлкөдөгү эркин массалык маалымат каражаттарынын ролу жогору экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Буга байланыштуу Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын абалы тууралуу өлкөдө түрдүүчө пикирлер орун алып келет. Айрым атуулдардын пикирине караганда, Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы адам кубантаарлык эмес. «Ага мисал катары аткаруу бийлигин ачык сындаган маалымат каражаттары дароо сот аркылуу же башкача себептер менен жабылышын келтирүүгө болот» дешет алар:
- Эркин гезиттерге ар кандай тоскоолдуктар коюлуп келет. Сот аркылуу же ар кандай тоскоолдуктарга дуушар болуп жабылууда, - дейт «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова. Ошондой эле Сыдыкова чет элдик радиолорду кошпогондо Кыргызстанда эркин теле радио компания жок экендигин айтып, «мындай көрүнүш 2005-жылдагы презденттик, парламенттик шайлоолордун адилетсиз өтүшүнө өбөлгө түзөт» деп чочулайт:
- Бизди абдан чочулатканы-өлкөдө эркин теле-радио компания жок экендиги. Анткени эркин теле компания жоктугу 2005-жылдагы шайлоолордо көз-каранды эмес талапкерлердин жеңишке жетишине олуттуу тоскоолдук болот. Өзүңөргө маалым «Пирамиданы» үй-бүлөө сатып алды, -дейт «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова. Ал эми «МСН» гезитинин башкы редактору Александр Кимдин пикирине караганда, эгерде, Кыргызстанда буга чейин эркин басмакана ачылбаганда, өлкөдө бир дагы көз каранды эмес маалымат каражатты чыкпайт эле:
- Учурдагыдай абал өлкөдө «Фридом Хаус» эл аралык уюму тарабынан эркин басмакананын иштеп жаткандыгына байланыштуу. Эгерде мындай эркин басмакана болбогондо, Кыргызстанда эркин телерадио жок болгондой эле көз каранды эмес гезиттер да болмок эмес. Ошентип, эркин басмаканын болушу өз мезгилинде өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына абдан чоң таасирин тийгизүүдө, - дейт «МСН» гезитинин башкы редактору Александр Ким. Кыргызстандагы эркин гезит өкүлдөрүнүн өлкөдөгү эркин маалымат каражаттарынын абалы тууралуу мындай пикирине, өлкөнүн аткаруу бийлигинин өкүлдөрү макул эмес:
- «МСН» менен «Республиканын» жазбаган маселеси калдыбы. Аларга эч ким жолтоо болгон жок. Ал эми жанагы соттошууларга аткаруу бийлигинин тиешеси жок. Анткени кимдир бирөөнүн укугу тебеленсе, сөзсүз түрдө мыйзам түрүндө жазаланышы керек, - дейт Президенттик админстрая башчысынын орун басары Болот Жанузаков. Ал эми «МСН» гезитинин башкы редактору Александар Ким «биз эң жогорку бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракетинин бетин ачып жаткандыгыбыз үчүн кысымга алынуудабыз» дейт:
- Бардыгы түшүнүктүү. Эгерде биз белгилүү бир адамдардын, анын ичинде мамлекет башчысынын үй-бүлөө мүчөлөрүнүн экономикалык кызыкчылыгына каршы келген макалаларды жана элдин байлыгын мамлекеттик деңгээлде уурдап жаткандар тууралуу жазбаганда, эч кандай кысымга алынбайт элек. Биз мындай мазмундагы макаларды жазууну токтотоор замат бизге эч ким тоскоолдук кылбайт.