Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Президент Жамааттык коопсуздук кеңешинин алкагындагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев 1992-жылдын 15-майында кол коюлган Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташуунун негизги принциптери тууралуу Макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Эми өлкөнүн ички иштер министрлиги аталган уюмдун атайын башкармалыгына Кыргызстан тарабынан бул макулдашууну күчүнө киргизүү үчүн кандай аракеттер көрүлүп жактандыгы тууралуу билдирүү жолдошу керек. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Кыргызстан, Казакстан, Россия, Беларусь жана Армения кирет.

XS
SM
MD
LG