Бир нече жумадан кийин Ирандын ядролук программасы боюнча кеңири доклад жасаганы жаткан МАГАТЭнин директору эл-Барадейи дүйшөмбү күнү БУУнун Генералдык ассамблеясын изилдөөнүн жүрүшү менен тааныштырды:
- Эларалык коомчулуктун Ирандын ядролук программасына болгон тынчсыздануусунан улам Иран ишеничке кирүү үчүн колунан келген бардык чараларды өз ыктыяры менен жасашы керек экенине кайрадан көңүл бурам. Мен ошондой эле бул катаал маселени чечиш үчүн Иранды эшигин кенен ачып, эларалык уюмга зарыл жардамды аянбай берүүсүн сурайм.
Жекшемби күнү Иран парламенти өкмөттү уранды байытууга милдеттендирген мыйзамды бир добуштан кабыл алган.
Генералдык ассамблеяга эл-Барадейинин артынан Ирандын өкүлү түшүндүрмө берди. Ирандын БУУдагы орун басар элчиси Мехди Данеш-Язди анын өлкөсү ядролук энергияны тынчтык максатында пайдалууга акылуу экенин айтып, бирок Иран ядролук куралдарды жайылтпоо - NPT келишимин бекем тутат деди:
-Ядролук жана башка кыргын салчу куралдар Ирандын коргонуу доктринасында каралган эмес. Бул биздин диний ишенимбизге гана эмес, NPT жана башка келишимдер боюнча өзүбүзгө алган милдеттенмелерибизге, ошондой эле өзбүздүн стратегиябызга байланыштуу.
МАГАТЭнин инспекторлору азырынча Ирандын атомдук бомбаны жасоо аракетин ырастаган далилдерди таба элек. Бирок анын бул багыттагы изилдөөлөрүн кошумча дагы текшерип көрүү зарыл деп санайт.
Эл-Барадейи МАГАТЭнин Иран жана Ливандагы изилдөөлөрүнүн негизинде - ядролук куралдарды жасоого зарыл заттарды “кара базарда” кеңири сатылуусу ага болгон талаптын натыйжасы деди. Ал экспортту контролдоонун азыркы системасы ядролук технологиянын мыйзамсыз жайылуусун көзөмөлдөй албай жатканына токтолуп, мындай сунуш жасады:
-(Атомдук станцияда) колдонулчу отундун маанилүү бөлүгү, атап айтканда, байытылган уранды өндүрдүү жана плутонийди бөлүп алууну контролдоонун дагы мыкты жолун табуу зарыл деген тыянакка келебиз.
Эл-Барадейи Түндүк Корея кризисине кайрылып, ырасмий Пхеньянды ядролук куралдарды жайылтпоо келишимин аткарууга чакырды.
Ал эми Пакистандын элчиси Мунир Акрам Пакистан ядролук технологияны башка өлкөлөргө мыйзамсыз жайылтууда деген шектенүү негизсиз экенин билдирди:
- Биздин жаңы мыйзамда көзөмөл астында турчу товарларды жана технологиянын түрлөрүн, анын ичинде аларды кайра экспорттоо, жүктөп жөнөтүү жана ташып өтүү, лицензиялоо, каттоо күчөтүлгөн. Мыйзам бузган адамдар 14 жылга чейин эркинен ажыратылышы жана азыр 65 миң евро өлчөмүндө айып төгөт. Пакистан кыргын салчу куралдарды жайылпайт деп ишендире алабыз.
Пакистан өкмөтү МАГАТЭнин адистеринин Абдул Кадыр Хан менен анын ишкердүүлүгүнө байланыштуу маектешүүсүнө уруксат бербей койгон. Пакистандын ядролук программасынын негиздөөчүсү Абдул Кадыр Хан ядролук технология боюнча баалуу маалыматтарды Иран, Ливия жана Түндүк Кореяга тымызын сатып келгенин жыл башында моюнга алган.