Чындыгында эле АКШда өтүп жаткан бүгүнкү шайлоо кампаниясы Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө жана карапайым адамдар арасында кызуу талкууга алынууда. Анткени мындай саясий кампания бир жылдан соң Кыргызстанда да өтмөкчү. Мына ошол чоң саясий окуя алдында турган өлкөнү АКШдагы президенттик шайлоонун жүрүшү да кайдыгер калтырбайт. Бул багытта өз оюн “Акыйкыт жана прогресс” партиясынын төрага орунбасары Абдыжапар Тагаев мындай таризде билдирди:
- Бул шайлоо америкалыктарга эле эмес, дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге да таасир бере турган окуялардын бири. Шайлоонун кандай өткөнүн байкап туруп таң каласың. Биздин шайлоолор менен салыштырганда асман менен жердей. Ошол жерде шайлоону байкоо жүргүзүү үчүн биздин «Акыйкат жана прогресс» партиясынын мүчөсү кетти. Бул шайлоо аябай маанилүү. Дүйнөдө ар түрдүү - кимиси калат, ким кетет деген ойлор болууда. Биздин мамлекетти билип калган, мамиле кылып жүргөн Буш мырза калып калса жакшы болоор эле,-деди Абдыжапар Тагаев.
Өлкөнүн коомдук пикиринин көңүлү негизинен эң оболу улуу державанын Кыргызстанга карата жүргүзө турган саясий багытына бурулган. Ал жөнүндө белгилүү кинорежиссер Бакыт Карагулов:
- Азыр терроризмди Керри дагы, Буш дагы катуу айтып жатышат. Кимиси келсе да жакшы, анткени экөөнүн максаты бир.
Ал эми АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы дүйнөлүк саясий кырдаалга кандай таасир этээри тууралуу өз оюн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболов минтип билдирди:
- Эки талапкердин тең артыкчылыктары бар. Азыр бизге Буштун эле жеңгени туура болуп турат. Биринчиден, саясаты маалым болуп калды, экинчиден, терроризмге каршы күрөшүүнү ушул темпте, ушул нукта өнүктүрө берсе бизге да жаман болбойт.
Ошол эле Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, “Адилет шайлоо үчүн” атуулдук кошуунунун төрага орунбасары Марат Султановдун пикири:
- Америкадагы шайлоо ачык, айкын, демократиялык жол менен өтүп атат. Талапкерлердин көз карашы америкалыктарга эле эмес, бизге да белгилүү. Эгерде шайлоолор ушундай өтсө бул суктандыра турган шайлоо болот. Эгерде Керри келсе, биз тарапка катуурак мамиле жасашы мүмкүн.
АКШда өтүп жаткан президенттик шайлоонун жыйынтыгы дүйнөлүк саясаттын багытына чоң таасирин тийгизет, бул саясий окуяга дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүнүн бурулуп жаткандыгынын мааниси да ушунда деп баалашат байкоочулар.