Бэйжиндик ырасми кабар агенттигинин маалыматында Хенанда жол кырсыгынан кийин хуэй мусулмандары, же дунгандар менен хань кытайлары урушуп-кагылыша кеткени айтылган.
Өткөн жума күнү Ланчэган шаарында такси айдаган дунган алты жашар кызды коюп кетип өлтүрүп алган. Ал кыздын туугандары жергиликтүү дунгандарга барып, өлгөн кыздын кунун төлөп берүүнү талап кылышкан. Ошол чатактын айынан келип чыккан кагылышууларда жергиликтүү жашоочулардын биринин маалыматы боюнча, бардыгы 148 киши набыт кеткенин "Нью-Йорк таймс" гезити жарыялады. "Интернешнл Хералд Трибюн" басылмасы 30дай киши жантаслим болду, алардын жарымына жакыны полиция кызматкерлери деп жазып чыкты.
Хенанда жашаган мусулман дунгандар менен хань кытайлары ортосунда кыргын башталаар замат полиция кагылышуулар орун алган аймактарды тегерете курчап алып, чет элдик кабарчылардын ал жакка баруусуна бөгөт койгон. Атүгүл ал жердеги шаар-кыштактарда телефон байланышы иштебей калгандыктан, кагылышуулар туурасында так маалымат алуу мүмкүн болбой калган.
Байкоочулардын айтымында, бул кандуу окуялар - көп жылдардан берки эң ири араздашуу болуп калды. Кытайда жашаган 56 улуттун бири эсептелинген хуэй мусулмандары, же дунгандар – түпкү теги Борбордук Азиядан тараган эл эсептелинет. Алар – аталган аймактын калкынын 10%ына жакынын түзөт, калган 90%ы – хань кытайлары. Хенанда жума күнү башталып 2-3 күнгө созулган кандуу коогалаңга бери дегенде 500дөй киши катышканы маалымдалды.
Ал жердеги кыргынды токтотуш үчүн Кытайдын бийликтери аскердик абал жөнүндөгү мыйзамды шашылыш түрдө колдонуп, Хенанга 1000дей куралчан полициячысын жайгаштырган. Шаардын ортосунда курчоодо калган мечиттин имамы дем алыш күнү өч алууга бараткан дунгандар тобу менен полициячылар кагылыша кетип, дагы ондогон кишилер жабыр тартканын айтып берди. Телефон аркылуу Батыштык маалымат агенттиктерине интервью берген ал имам куралдуу касташуу ушуну менен токтоп калбай, дагы уланат деген чочулоосун кошумчалады.