Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

ЖОН КЕРРИ ЖОРЖ БУШТУ КУТТУКТАДЫ

АКШнын демократиялык партиясынан талапкер Жон Керри добуштардын саналып бүтүшүн күтпөй эле, шайлоодо утулганын моюнга алып атаандашы Жорж Бушту жеңиши менен куттуктады. Ошентип Кошмо Штаттардын тарыхында эң кымбат шайлоодо республикачыл Жорж Буш мөрөйдү колго алып, экинчи ирет такка отурмакчы. Маалыматтарга караганда Жон Керри Бушка өзү телефон чалып, ага куттуктоо сөзүн айткан. Буш болсо Керрини татыктуу талапкер катары баалаган. Акыркы санак боюнча Буш 254, Керри болсо 252 добуш алышкан эле. Добуштар саналып бүтө элек.

  • 16x9 Image

    Амирбек Азам уулу

    "Азаттыктын" мурдагы журналисти. Санкт-Петербургдагы Финансы жана экономика университетин аяктаган.

Куржундар
​
XS
SM
MD
LG