Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

ИСЛАМЧЫЛАРДЫН САЙТЫ ОСАМАНЫН БИЛДИРҮҮСҮН ТОЛУК ЖАРЫЯЛАДЫ


«Ал-Кайида» террордук тармагынын жетекчиси Осама бен Ладендин видео тасма аркылуу таркаткан соңку билдирүүсүнүн кыскартылбаган жана редакцияланбаган варианты исламчылардын интернет сайттары аркылуу жарыяланды. Эми бул сайттар жана эл аралык террорчулукка каршы күрөш жаатында кеп козгойлу.

Осама бен Ладендин видео тасмадагы соңку билдирүүсүнүн кыскартылбаган, редактордук кайчыдан «жабыркабаган» варианты 18 мүнөттүк убакытты алат. Бул билдирүүсүндө «ал-Кайиданын» жетекчиси АКШнын учурдагы президенти Жорж Уокер Бушту өз өлкөсүн Ирактагы жаңжалга кириптер кылганы үчүн айыптаган.

Буга чейин, тактап айтканда, өткөн ишембиде (октябрдын 30унда) «ал-Жазира» сыналгысы Осама бен Ладендин билдирүүсүн канат-куйругун кесип жарыкка чыгарган болчу. Ал эми билдирүүнүн толук вариантында Ирактагы набыт болгондор үчүн радикал исламчылардын АКШдан өч ала тургандыгы тууралуу өзгөчө белгиленет. Осама бен Ладендин оюнча, Буш 2003-жылдын март айында Иракка кол салуу менен бул Ортоңку Чыгыштагы өлкөнүн мунайзатын ээлеп калууну көздөгөн.

Осама бен Ладен бир жылдан ашуун мезгилден бери видео тасмадагы жаңы билдирүүсүн жарыялай элек болчу.

«Ал-Кайида» боюнча адис жана Лондондогу «Обсервер» гезитинин кабарчысы Жэйсон Бөрк «Азаттык» үчүн маек куруп, Осама бен Ладендин соңку билдирүүсү АКШдагы президенттик шайлоонун негизги атаандаштарынын ичинен азыркы президентке гана колдоону күчөттү деп санаарын айтты:

- Дал ушундай кыйчалыш маалда Осама бен Ладендин кайра пайда болушунун өзү эле шайлоочуларга кандайдыр-бир таасир тийгизди го дейм. Мындай жыйынтык күтүлмөк болчу. Менин оюмча, жана сурамжылоолор да айгинелегендей, бен Ладендин бул аракети Керриге караганда, Бушка көбүрөөк жардам берди.

Жэйсон Бөрк, андан тышкары, бул тасманын чыгарылыш убакытын айрым серепчилер АКШдагы шайлоо өнөктүгү менен түздөн-түз байланыштырууга аракеттенип, калпыстык кылып жатышат деп айтты. «Осама бен Ладен, - дейт Бөрк, - АКШдагы шайлоону ага таасир тийгизүү үчүн эмес, бул шайлоо учурун пайдаланып, өз уюмунун атынан бүт дүйнөгө кайрылуу үчүн пайдаланууда».

Дагы бир олуттуу жагдай – бул радикал исламчылардын интернетти ургаалдуу пайдалана башташы. Маселен, «ал-Жазира» сыналгысы Осама бен Ладендин тасмасын цензуралоо жолу менен колдонду, ал эми исламчылардын интернет сайттарынын колу-жолу бош болду, - дейт Бөрк.

- Исламчылардын интернет сайттарынын бир кызыктуу жагдайы – өз материалын башка эч ким оңдой албай тургандай кылып интернетке жайгаштырышкандыгы. Демек, радикал исламчылардын ар кандай билдирүүлөрүн эч ким цензуралай албайт. Азыркы маалымат технологиясынын күчүнө таянуу менен, бүткүл ислам дүйнөсүндө жана анын чегинен тышкары маалыматты жана видео жана фото сүрөттөрдү өтө тез ылдамдыкта жайылтуу мүмкүнчүлүгү ачылды. Дал мына ушул иш-аракетти исламчылардын интернет сайттары жүзөгө ашырууда.

Айтмакчы, Жорж Уокер Буш мурдатан эле Осама бен Ладенге жана анын эл аралык деңгээлде террордук иш-аракет уюштуруп жаткан уюмуна каршы күрөш жүргүзүп келген.

Дал ошондуктан дүйнөдөгү бир катар саясатчылар Буштун саясатын колдоого алууда. Алардын арасында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубат Байболов да бар.

Ал президент Буш шайлоодон жеңип чыккандыгы тууралуу кабар жарыяланаардан саал мурдараак «Азаттыкка» мындайча оюн билдирген:

- Менин оюмча, азыр бизге Буштун эле жеңгени туура болуп турат. Биринчиден, анын саясаты биртике маалым болуп калды. Экинчиден, терроризмге каршы күрөштү ушул темпте, ушул нукта өнүктүрө берсе, бизге да жаман болбойт.

Калыстык үчүн айтуу абзел болгон нерсе – өзүнүн быйылкы президенттик шайлоодо жеңилип калганын шаршембиде (Бишкек убактысы менен алганда: бейшембиге караган түнкү саат 12:00ден кийин) жарыялаган сенатор, демократ Жон Керринин тышкы саясаттагы багыты да Осама бен Ладен үчүн жагымдуу эмес. Өткөн ишембиде Керри мырза Осама бен Ладендин тасмадагы соңку билдирүүсүнө жана эл аралык терррорчуларга карата өз оюн мындайча айткан:

- Мен террорчулардын сары изине чөп салып издеп, алар кайсы жерде баш паана тапса да, канчалык көп убакыт коротулса да, аларды колго түшүрүү же өлтүрүү чараларын эч качан токтотпойм. Чекит.

Осама бен Ладен өзүнүн соңку билдирүүсүндө 2001-жылы 11-сентябрда АКШнын үч башка жеринде уюштурулган террордук чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алаарын мурдагыдан алда канча таасын белгилеген.

XS
SM
MD
LG