Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:20

АМЕРИКАДАГЫ ШАЙЛООГО КАРАТА ДҮЙНӨДӨ КЫЗЫГУУ КҮЧ


АКШдагы президенттик шайлоого дүйнөнүн азыркыдай кызыгуусу сейрек болгон. Дегеле быйылкы саясий өнөктүк ондогон жылдардан берки өтө маанилүү шайлоо катары эсептелиши мүмкүн. Анын маанилүүлүгү шайлоодо жеңип чыккан адамга эларалык саясат менен экономиканын багытын аныктоодо жетектөөчү орун таандык экендигинде. Ошондой эле террорго каршы АКШ баштаган согуш жүрүп жатканын эске алганда кийинки президент согуш жана тынчтык маселесин да чечет.

Четте жашаган америкалыктар менен катар европалыктар да океандын ары жагындагы саясий өнөктүктөн кабардар болуш үчүн өткөн түнкү уйкудан кечишти. Франциянын башкалаасы Париждин көчөлөрүнүн биринен Рейтердин кабарчысы кепке тарткан бул аялдын сөздөрү европалыктардын көпчүлүгүнүн сезимин билдиргенсийт:

-Мен кимиси - Буш же Керри жеңээрин так билбейм, азырынча Буш жеңчүдөй, бирок менимче бул Франция үчүн өтө өкүнүчтүү.

Жакында Бушту колдогон премьер-министри Жон Хоувард кайра шайланган австралиялыктар үчүн саат жебесиндеги айрымачылыктан улам АКШдагы шайлоонун жыйынтыктарына байкоо салуу кыйла оңтойлуу болду. Австралиядагы эң ири "Sydney Morning Herald" деп аталган гезиттин кабарчысы Тони Степенстин айтымында, бул жерде АКШдагы шайлоого кызыгуунун деңгээли Европага караганда төмөнүрөөк:

-Муну толкундануу деп атасак көбөйткөндүк болоор, бул - балким өтө катуу эмес орточо толкундануу, бирок адамдар албетте кызыгууда.

Азия өлкөлөрүндө адамдар АКШдагы шайлоонун жыйынтыгына байланышкан маалыматтарды аянттардагы, соода борборлордогу, темир жол бекеттериндеги ири телеэкрандардан да алып жатышты. Кызыгуу Вашингтон менен аскерий тыгыз алакасы бар Тайванда, Түштүк Кореяда, антитеррордук согушта АКШ үчүн алдыңкы пландагы өлкө болгон Пакистанда жогору. Ал эми Кытайдын башкалаасы Пекинде америкалык шайлоонун жыйынтыгына байкоо салып тургандардын бири Вилли Ли Рейтердин кабарчысы менен болгон маегинде буларды белгиледи:

-Кытай менен АКШ эки тарап үчүн тең бирдей максат болгон эларалык террорчулуука каршы күрөштө кол кармашып, маалымат алмашып, байланыш орнотууда. Андыктан менимче, террорго каршы согушта Буш Керриге караганда жөндөмдүү лидер болот.

Шайлоодо Жорж Буштун алдыга чыккандыгы жөнүндөгү кабар араб дүйнөсүндөгү адамдардын көпчүлүгүн иренжиткендей. Арабдардын болжолунда Буштун экинчи мөөнөткө калышы чөлкөмдө кан төгүү күчөйт дегенди туюндурат. Палестинанын Рамалла шаарынын тургуну, теги боюнча америкалык жана палестиналык Амира Салех Рейтердин кабарчысына төмөнкүлөрдү айтты:

- Биз Буш тынчтык алып келет деп үмүттөнөбүз. Биринчиден ал согушту баштады. Америкалыктардын бири да согушту каалабайт, эгер кимдир-бирөө согушту кааласа мен аны бөлүшө албайм. Ал алдап жатат, биз балдарыбыздын өлүмүн каалабайбыз.

АКШдагы шайлоонун жыйынтыктарына карата дүйнө лидерлери да пикирин билдиришүүдө. Вашингтондун жакынкы өнөктөшү катары саналган Жапониянын премьер-министри Дзюньитро Коидзуми мындай деди:

-Ким утса да, менимче, АКШ менен Жапониянын алакасында олуттуу өзгөрүү болбойт. Эки өлкөнүн достугунун, өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн баары таанышат.

АКШнын антитеррордук согуштагы дагы бир өнөктөшү Польшанын президенти Александр Квасьневски Буштун озуп чыгышын Варшава үчүн "жакшы жаңылык" деп мүнөздөдү. Ирактын премьер-министр Ияд Аллави ким жеңсе да, аларга дос болоорун белгиледи. Палестин премьери Ахмед Корейи бийликке ким келсе да баары бир Вашингтондо жаңы администрация болот деп эсептейт. Орус президенти Владимир Путин эгер чын эле Буш кайра шайланса, Американын калкы коркутууга жол бербегенин көргөзөөрүн айтты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG