“Жаңы багыт” кыймылынын башкы максаттарына анын уюштуруучуларынын бири, “Акыйкат жана прогресс” партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев токтолду:
- Биздин алдабызда эки чоң максат турат. Биринчиден, Кыргызстанды жаңыртуу, элибизди бириктирүү. Экинчиден, Кыргызстан үчүн жаңы багыт керек. Азыр эл саясий конъюктурага, жаңы багытка муктаж болуп турат. Бизге жаңы жол керек.
Кыймылдын саясий платформасында өлкөдө кадр саясатын тестирлөө системасы аркылуу жүргүзүү, бир палаталуу парламентти пропорционалдык-мажоритардык системанын негизинде шайлоо, облус, райондорду жойуп, алардын ордуна аймактарды түзүү, сотторду шайлоо аркылуу дайындоо, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүү, улуттук баалуулуктарды калыптандыруу, армия менен тартип коргоо органдарын бекемдөө жана башка иш-чаралар каралган.
“Жаңы багыт” кыймылы тараткан билдирүүдө болсо өлкөдө калктын турмушу жылдан жылга начарлап, чиновниктердин бизнес-коррупциясы өнүгүп, эл мыйзамдуулукка болгон ишенимин жоготкондугу белгиленген.
Билдирүүдө “Күчтүү демократиялык Кыргызстан үчүн” улуттук идеянын тегерегинде биригүүгө чакырык жасалган. Бул идея улуттук мамлекеттүүлүктү чыңдоо, Кыргызстанды кайталангыс маданий ордо катары өнүктүрүү, кыргызстандыктардын коопсуз, бакубат жашоосу үчүн шарт түзүү, коррупцияны, кылмыштуулукту жойуу, профессионалдуу башкаруучулардын корпусун түзүү максаттарына негизделмекчи.
“Жаңы багыт” кыймылынын түзүлүшүнө карата ар кандай пикирлер айтыла баштады. Айрым саясатчылар менен саясий партиялардын өкүлдөрү мындай саясий уюмдун түзүлүшүн мыйзамченемдүү көрүнүш катары баалашты. “Менин өлкөм” партиясынын лидерлеринин бири Курманбек Дыйканбаев мындай дейт:
- Бийликти мыйзам чегинде алмаштырып, элдин жашоо-шартын өзгөртөбүз деген кыймылдар түзүлсө - бул жакшы нерсе. Кайдыгерлик болбошу керек. Өзгөчө интеллигенция, саясатчылар жөн эле отура бербеши керек. Анын үстүнө паралменттик, президенттик шайлоолорго аз гана убакыт калып жатат. Бийлик үчүн күрөшүү керек. Бул мыйзамченемдүү көрүнүш.
Кээбир саясатчылар болсо мындай кыймылдардын келечеги жок деген пикирлерин да билдиришти. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Темир Сариев мындай ойдо:
- Акыркы мезгилде бир топ партиялар ар кандай саясий оюндарды ойноп, ар кандай кыймылдарды түзүп жатат. Бирок ал партиялардын артында эч кандай күч жок. Ошондуктан бул кыймылдардын да артында социалдык базасы жок болуп жатат. Эл үчүн алардын максаттары бүдөмүк.
Ал эми “Жаңы багыт” кыймылынын демилгечилеринин бири Муратбек Иманалиев алардын таянычы эл болот деп эсептейт:
- Биздин артыбызда эң чоң фактор – элдин мүдөсү, элдин ишеничи бар. Ошондуктан бул багытта биз көбүрөөк иштешибиз керек.
Маалымат жыйынында белгиленгендей жакында кыймыл өзүнүн уюштуруу курултайын өткөрүп, экономикалык платформасын жарыялайт. “Жаңы багыт” кыймылы жакында түзүлгөн "Кыргызстан элдик кыйымылы" менен кызматташуусу мүмкүн.