Дүйнөлүк Банктын башкы экономисти Прадип Митра донорлордун кеңешме жыйынында Кыргызстандагы экономикалык акыбалга токтолду. Анын баамында Уганда, Буркинофаса өңдүү бир катар Африка өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстан дагы тышкы карыздын көптүгүнүн айынан бир топ реформалар жайлап атат.
Дүйнөлүк башкы экономисттин серебине караганда Кыргызстан атуулдук эркиндик, экономикалык бир нече көрсөткүчтөр боюнча Монголия, Тажикистан өңдүү өлкөлөрдөн артта калууда. Прадип Митранын докладындагы дал ушул өңүттөгү жыйынтыктарына президент Аскар Акаев жана өкмөт мүчөлөрү каршы пикирин айтышты.
Президент Аскар Акаевдин пикиринде Дүйнөлүк банк жана башка уюмдар сереп жасоодо шайкеш келбеген усулду пайдалангандыктан Кыргызстан анча жакшы эмес деңгээлде көрүнүп келет.
Прадип Митра өз докладында Кыргызстанды айрым учурда Африка өлкөлөрү менен катар койгону жана СССРден мураска калган инфраструктура жана өнөр жайы бар дегени өкмөт мүчөлөргө жаккан жок.
Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев буга өз оюн билдирди. Министр Акматалиев Уганда, Буркинофаса жана Малиге караганда Кыргызстан бир кыйла өнүккөн, эли сабаттуу жана билимдүү өлкө экенин эскертти.
Ал эми президенттик администрациянын экономикалык саясат бөлүмүн башкарган Кубан Каниметов болсо Митра мырзага "сиздин доклад атайын аша чаба жазылган" деп айтты.
Мамлекет башчысы Аскар Акаев Дүйнөлүк банктын экономистине сереп жасоодогу усулуңуз туура эмес деген пикирин айтты. Анын оюнда реформаларды 7-8 жыл кеч баштаган Тажикистан менен Кыргызстанды бир тепкичте коюп караганы туура эмес. Мамлекеттин ички кырдаалын так билбей туруп, туура эмес ыкмалар менен иликтөө жүргүзгөнгө аракет кылган көрүнүштөр көп кездешүүдө дейт президент:
-Мындай нерсени эларалык уюмдардын бардык серебинен кездештирип жүрөм, мындай көрүнүш КМШ алкагында бизди туура эмес көрсөтүп жатат. Бул жерде "Фридом хаузга" шилтеме жасалыптыр. "Фридом Хауз" эгер ага кайсы бир өлкө өзүнө жакса жогорку балл коюп коёт, өлкө жакпай турган болсо анда аны жаман абалда көрсөткүлөрү келет. Мисалы, Түркмөнстан менен Кыргызстанды алалы. Кыргызстанда "Фридом хауз" башкарган, АКШ каржылаган Басма сөз каражаттарын колдоо борбору ачылган. Ал эми Түркмөнстан "Фридом хаузду" таптакыр киргизбей койгон. Ага карабастан "Фридом хауз" Түркмөнстандагы акыбалды биз менен бирдей, жада калса жакшыраак кылып көрсөтүп жүрөт,- дейт Аскар Акаев.
Америка өкмөтүнүн "Миңжылдыктын чакырыктары" аттуу өнүгүп келаткан мамлекеттерди каржылай турган гранттык программасына Кыргызстан кире албай келатканына президент кайсы бир деңгээлде эларалык уюмдарды да айыптады:
- Көрүп турасыңар, биз макул болобуз. Анан эле Кыргызстан эң коррупциялашкан, ийгиликтери анча эмес өлкө болуп калып атат. Ошондон улам АКШнын "Минжылдыктын чакырыктары" гранттык программасына кире албай келебиз.
Донорлордун жолугушуусунда президент Аскар Акаев 25 коррупциялашкан өлкөнүн ичине Кыргызстанды да киргизген «Transparency international» уюмун сынга алды. "Бул уюм өзү ачык айкын эмес экен, бул уюм мага түшүнүксүз болуп калды" деди президент.
Аскар Акаевдин айтымында, коррупцияга каршы күрөштү күчөткөн сайын Кыргызстанды коррупциядан эң таза делип, тизме башында турган Финляндиядан алыстатышууда. Мамлекет башчынын бул сынына эларалык коомчулук эмне дейт? Дүйнөлүк банктын вице-президенти Денис де Трей журналисттерге мындай оюн билдирди:
-Мен ойлойм, бул гана иликтөө эмес башка да иликтөөлөр бизнес жасоо үчүн анча ыңгайлуу өлкө эмес экенин көрсөтүүдө. Андыктан коррупция кайсы бир деңгээлде бар деп айтканга негиз бар. Президент жеке өзү дагы, өкмөт мүчөлөр да коррупция менен аягына чейин күрөшөбүз деп ишендиришти. Бул жолугушуунун эң башкы жыйынтыгы ушул болду го деп ойлойм,-деди Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору Денис де Трей.
Кыргыз коомчулугунда эларалык уюмдар өлкөдөгү реалдуу картинанаы билбей, статистикалык маалыматтарга таянуу менен тескерисинче акыбалды оң жагына бурат деген пикирлер бар. Экономист Айылчы Сарыбаев эларалык уюмдар Кыргызстандагы бүгүнкү кырдаалды бир кыйла жакшыраак элестетишет деген оюн билдирди.