Депутаттар өз ара эки топко бөлүнүп калышкан.
- Биздин палатада кризистик абал түзүлдү десек болот. Депутаттар бири-бирибизди “биз жана алар” деп сүйлөп калдык. Ал эми урматтуу төраганын үч жолу добушка коюлуп, төртүнчү жолу өткөргөнгө акысы барбы, ушуну азыр айтып койсун,-деди Ташболот Балтабаев.
Жыйынга президенттик администрация жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков жана мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Равшан Жээнбеков баштаган бир топ министрлер жана энергетиктер келип катышып отурушту. Өкмөт мүчөлөрү «Концессия жөнүндөгү» жана газ тармагын менчиктештирүү тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оппозициячыл маанайдагы депутаттардын сунуштарын да карап көрүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Равшан Жээнбеков мындай деди:
- Биз концессияга беришибиз керек деп атабыз. Ал эми "Концессия жөнүндөгү" мыйзамга айрым механизмдерди киргизип, концессияны өзгөртүп иштеп чыгалы деп кээ бир депутаттар менен консультация жүргүздүк. Оппозициялык депутаттардын дагы оюна туура келген кандайдыр бир механизмдерди иштеп чыктык. Азыр ушуларды карап чыгып, экинчи күнү кайрадан карайбыз деген ой бар.
Бирок бул да каршылык көрсөтүп жаткан депутаттарды ынандыра алган жок. Депутат Орозбек Дүйшеевдин айтымында энергетика тармагы Кыргызстандын бирден-бир жалгыз байлыгы:
- Энергетика - Кыргызстандын жалпы элинин байлыгы. Келечекте балдардын, муундардын байлыгы. Ошондуктан аны эч убакта чет элдиктерге берүүгө акыбыз жок. Мына 1997-жылдан баштап менчиктештирүүнүн үч этабын өттүк. Бул үч этаптын ичинде жалаң талкалап бүттүк. Экономикалык жагын алсак энергиянын өздүк баасы 2,5 эсеге, тариф 3,4 ал эми карыз 5 эседен ашык өскөн. Бул биздин энергетика системасын талкалоого алып келген.
"Концессия тууралуу" мыйзам боюнча энергетика тармагы чет өлкөлүктөргө сатылышы керек. Депутат Акылбек Жапаровдун сөзү боюнча бул - туура эмес:
- Энергетиканы чет элдик ишканалар гана жакшыртат дегенден мен алысмын. Ошондуктан мен буга каршы чыгып, Кыргызстандын компаниялары деле алсын, бирок элге тарифти көтөрбөсүн деп айтып атам.
Кызуу талаш-тартыштан кийин маселе келерки шейшемби - 9-ноябрь күнү карала турган болуп, депутаттар тарап кетишти. Ошентип өлкөдөгү эң кирешелүү тармак болуп саналган энергетика тармагын узак мөөнөткө ижарага берүү жана газ системасын менчиктештирүү үчүн кыргыз өкмөтү сунуш кылган маселе бул ирет да каралган жок.