Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ИРАКТА АБАЛ ОПУРТАЛДУУ


Нарын АЙЫП, Прага Январдын аягына чейин Иракта шайлоо өткөрүлүүгө тийиш. Бирок кээ бир эксперттер анын өз убагында болоорунан күмөн саноодо, анткени өлкөдөгү коопсуздук абалы өтө начар. Анткен менен эл аралык коомчулук дагы, Ирактын утурумдук өкмөтү дагы шайлоону өз убагында өткөрүүгө даярданууда.

4-5-ноябрда Брюссел шаарында өткөн Европа Биримдигинин бийик жолугушуусунда Франция президенти Жак Ширак чыгып сүйлөп, Ирактагы шайлоо белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш деп билдирди:

- Бириккен Улуттардын 1546-резолюциясы менен Ирактагы саясий жараяндардын так мөөнөтү бекитилген жана андан тышкары чет өлкөлүк аскерлерди качан чыгарып кетүү дагы белгиленген. Бул чечим баркталып, ал аткарылууга тийиш. Демек шайлоо дагы белгиленген мөөнөттө жогорку деңгээлде жана ачык маанайда өткөрүлүш керек. Ал шайлоого мүмкүн болушунча Ирак коомунун бардык катмарлары катышууга тийиш.

Ошол эле күнү Бириккен Улуттардын Нью-Йорктогу баш ордосунда уюмдун шайлоо маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Карина Перели журналисттер менен жолугуп, шайлоого даярдыктар кызуу жүрүп жатканы тууралуу айтты:

-Шайлоо өткөрүү боюнча биз азыркы күнгө чейин көргөн даярдыктарыбыз шайлоо комиссияларынын талабына туура келет деп биз ишенебиз. Абал ойдогудай болсо, албетте бизге алда канча көп кызматкер керек болмок жана ишти биз башкача жүргүзмөкпүз. Бирок өткөөл мезгилдеги мамлекеттеги иштер өзгөчө нукта жасалат жана биз ошондой шартка ылайык иштеп жатабыз.

Перелинин айтымында, Ирактагы шайлоого даярдыктар азыр негизинен өлкөдөн тышкары жүрүп жатат, анткен менен керектүү 542 шайлоо түйүнүнүн 85 пайызы үстүбүздөгү аптанын башында Иракта эч тоскоолдуксуз ачылды жана иштей баштады.

Анткен менен ошол эле күнү Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан АКШ, Ирак жана Улуу Британиянын жетекчилерине кат жолдоп, эгер коалициялык аскерлер Фаллужа шаарына чабуул баштаса, Ирактагы коопсуздук ого бетер начарлашы мүмкүн жана ал үч ай ичинде өтө турган шайлоого да таасирин тийгизет деп билдирди.

Акыркы күндөрдө америкалык күчтөр менен Ирактын өкмөттүк аскерлери Фаллужаны курчоого алып, анын карапайым тургундарын шаардан чыгып кетүүгө чакырды, анткени ири чабуул даярдалып жатат. Бир нече аптадан бери америкалык учактар шаарды бомбалоого да алууда. Анткени алардын ишениминде шаарда Абу Мусаб ал-Заркави аттуу белгилүү согушкер жана Ирактын мурдагы аскерлеринин калдыктары жашынууда. Йорданиянын жараны Заркави көптөгөн барымта жана террор аракеттерин уюштурган деп күнөөлөнүүдө, АКШ өкмөтү анын башы үчүн 25 миллион доллар сыйлык да жарыялаган.

Шаар тургундарынын жана анын диний жетекчилеринин айтымында, алар Заркави тууралуу эч нерсе билбейт, бирок америкалык чабуул качан болбосун башталышы мүмкүн. Премьер-министр Айяд Аллави 5-ноябрда Брюсселде европалык жетекчилер менен жолукканда Фаллужа маселесин тынчтык ыкмалары менен чечүү мүмкүнчүлүктөрү дээрлик аяктаганын билдирди. Эгер шаарга чындап эле ири чабуул башталса, абал узакка чейин начарлап кетиши ыктымал жана шайлоого карата даярдыктар үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Өлкөнүн башка аймактарындагы абал дагы ойдогудай эмес жана борбор калаа Багдаддын өзүндө да бир нече террор аракети ишке ашырылган. Ошондон кийин Бириккен Улуттар өз кызматкерлерин былтыр Ирактан чыгарып кетип, коопсуздукту камсыз кыла албаганы үчүн америкалык аскерлерди күнөөлөгөн. Мындай абал эки-үч айдын ичинде кескин жакшырып кетээри күмөн.

XS
SM
MD
LG